Бүгүн, 15-январда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Алмалык айылында курулушу бүткөрүлгөн мектепти көрүп чыкты.
Шаар башчысы мектеп пайдаланууга берилген соң, окуучулардын билим алуусуна, өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүн билдирди.
2 кабаттан турган мектеп өз мөөнөтүндө бүткөрүлүп, 150 окуучуга ылайыкташкан. Билим берүү мекемесинде спорт аянтчасы, кичи футбол талаасы, жыйындар залы, ашкана, откана ж.б. зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөн.
Эске салсак, буга чейин Бакытбек Жетигенов Алмалык айылынын тургундары менен жолугушуусунда жергиликтүү тургундар жаңы мектеп куруп берүүнү суранышкан. Ага ылайык, мэр жашоочуларга берген убадасын аткарып, мектептин курулушу бир жыл аралыгында толук бүткөрүлдү.