Кулактандыруу!!!

Ош шаарынын Ы.Монуев – А.Шакиров – Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп жаткан эки деңгээлдүү жолдун курулушунда диаметри 800 мм болгон магистралдык суу түтүгүн жылдыруу каралган. Суу түтүктү жылдырууга байланыштуу Ош шаарынын Ак-Буура дарыясынын оң жак жээги, тагыраак айтканда А.Масалиев проспектиси менен Нурматов көчөсүндөгү айлампа жолдон жана А.Масалиев проспектиси менен А.Шакиров көчөсүнүн кесилишинен баштап И.Раззаков проспектисине (ОшТЭЦ) […]
Ош шаарында дзюдо боюнча эл аралык мелдеш өттү

Ош шаарында 1-2-3 ноябрь күндөрү “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда “Сулайман-Тоо” кубогуна арналган дзюдо боюнча V эл аралык мелдеш өттү. Аталган мелдешке коңшу Өзбекстан, Казакстан жана Россия Федерациясынан ошондой эле Кыргызстандын баардык аймактарынан жалпы 380 спортчу катышышты. Мелдеш 2008-2015-жылкы өспүрүмдөр арасында өттү. Жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан медаль, диплом, кубок менен […]
Ош шаарында маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн 2-ноябрь – Кыргыз Республикасынын маданият кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада Маданият жана искусство тармагын өнүктүрүүгө, калктын руханий дөөлөтүн арттырууга кошкон салымы, ак ниет эмгеги жана Ош шаарында өткөрүлгөн маданий-массалык иш-чараларга активдүү катышкан бир катар маданият кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Ош шаардык маданият башкармалыгынын Ардак […]
Ош шаарында жугуштуу ооруларга көзөмөл күчөтүлөт

Ош шаарынын мэриясына караштуу Эпидемияга жана эпизоотияга каршы шаардык өзгөчө комиссиясынын отуруму өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышты. Күн тартибинде кутурма, күйдүргү, эхинококкоз, альвеококкоз, бруцеллез сыяктуу жугуштуу ооруларын алдын алуу максатында мал союлуучу жана сатылуучу жайларда ветеринардык-санитардык талаптардын сакталышы боюнча маселелер каралды. Ошондой эле, аталган жайларда эпизоотикалык жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыздоо […]
Ош шаарында айрым коомдук транспорттордун кыймылына убактылуу өзгөртүү киргизилди

Ош шаарындагы Ы.Монуев көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан, аталган көчөнүн бир тарабы жабылгандыгына байланыштуу Ош шаарындагы айрым коомдук транспорттордун кыймылына убактылуу өзгөртүү киргизилди. №110 шаардык кичи автобустук каттамы Он-Адыр Жийделик багыты боюнча А.Шакиров, Ж.Шамшиев, А. Масалиев көчөлөрү аркылуу эки тараптуу жүрөт. №12 кичи автобустук каттамы ДЭУ-12 ОшТУ багыты боюнча баратканда А. Масалиев, Ж.Шамшиев, А.Шакиров көчөлөрү […]
Ош шаарында 29-октябрдан 30-октябрга караган түнү жылуулук бериле баштайт

Ош шаарында 29-октябрдан 30-октябрга караган түнү 3-4 күндө этап-этабы менен жылуулук бериле баштайт. Эгерде үйлөрдүн ичинде жылуулук тармактарына байланыштуу маселелер болсо, төмөнкү телефон номерлер аркылуу Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын (МЖКУ) авариялык кызматына кайрылсаңыздар болот: • (03222) 5-66-24 • (0999) 58-66-24 • (0509) 58-66-24 “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасы: – (03222) 5-02-84, – (0777) 11-33-71, […]
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Ош шаарында 29-октябрдан 30-октябрга караган түнү жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев билдирди. Жылуулук этап-этабы менен 3-4 күндө толук жетет. Биринчи кезекте ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине, андан кийин турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерге берилет.
Баткен окуясында курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 26-октябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багындагы Баткен жоокерлеринин мемориалдык комплексинде Баткен окуясынын 24 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, аскер кызматкерлери, ардагерлер жана курман болгондордун үй-бүлөлөрү катышты. Эскерүү иш-чарасынын алкагында митинг-реквием өтүп, келгендер эстеликке гүл коюп, курман […]
Ош: А. Жапаров 625 орундуу мектептин курулушун көрдү

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош шаарындагы “Жибек-Жолу” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жаңы 625 орундуу мектептин курулушу менен таанышты. Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов мектептин курулушу кийинки жылдын экинчи чейрегинде бүткөрүлөрүн билдирди. Жаңы мектепте зарыл болгон бардык шарттар түзүлүп, аймагында резервуар менен откана курулат.
Ош шаарында жалпы шаардык ишембилик өттү

Ишембиликке шаардык мекеме-ишканаларынын, мамлекеттик, муниципалдык кызматтардын, ведомстволордун, муниципалдык аймактык башкармалыктардын эмгек жамааттары катышты.