Ош шаарынын Ы.Монуев – А.Шакиров – Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп жаткан эки деңгээлдүү жолдун курулушунда диаметри 800 мм болгон магистралдык суу түтүгүн жылдыруу каралган.
Суу түтүктү жылдырууга байланыштуу Ош шаарынын Ак-Буура дарыясынын оң жак жээги, тагыраак айтканда А.Масалиев проспектиси менен Нурматов көчөсүндөгү айлампа жолдон жана А.Масалиев проспектиси менен А.Шакиров көчөсүнүн кесилишинен баштап И.Раззаков проспектисине (ОшТЭЦ) чейин 2024-жылдын 6-ноябрь күнү саат 24:00дөн 7-ноябрь саат 24:00гө чейин таза суу берүү убактылуу токтотулат.
Ага байланыштуу алдына ала керектүү өлчөмдө суу камдап алууңуздарды эскертебиз. Жасалып жаткан жумуштарга түшүнүү менен мамиле кылып турууңуздарды суранабыз!