Бүгүн, 26-октябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багындагы Баткен жоокерлеринин мемориалдык комплексинде Баткен окуясынын 24 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, аскер кызматкерлери, ардагерлер жана курман болгондордун үй-бүлөлөрү катышты.
Эскерүү иш-чарасынын алкагында митинг-реквием өтүп, келгендер эстеликке гүл коюп, курман болгон жоокерлердин элесине багыштап куран окулду.
Белгилей кетсек, курман болгон баатырлардын эрдигин түбөлүккө калтыруу, тарыхый мурастарды сактоо, жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо, ошондой эле аскердик кызматтын кадыр-баркын жогорулатуу максатында 26-октябрь – 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында курман болгон жоокерлерди Эскерүү күнү деп белгиленген.
Ошол кездеги бандиттик түзүлүштөрдү жок кылуу үчүн республиканын аймагынан 5800 жаран, анын ичинде Ош шаарынан 52 запастагы офицер жана 276 аскер кызматкери катышкан.