ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди

Бүгүн, Ош шаарындагы Бабур театрында 5-октябрь – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык билим берүү мекеме-уюмдарынын жетекчилери, мугалимдери катышышты.
Мэрдин орун басары Нурбек Кадыров келечек ээлерин тарбиялоодогу жана сапаттуу билим берүүдөгү негизги жүктү аркалап келе жаткан тармактын өкүлдөрүнө куттук сөздөрүн айтып, ардактуу кесип ээлерине ийгиликтерди каалады.
Майрамдык иш-чаранын алкагында билим берүү тармагында көп жыл эмгектенген агартуучулар Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланды.
Ошондой эле, мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячылары жана мектеп мугалимдеринин арасында “Ыр кесе” концерттик программасы тартууланды.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео