Бүгүн, 30-августта Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата КР Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн режимде борбордук аянттагы оргуманын жана сейил бактын ачылышы болду.
Аталган курулуш шаар аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында ишке ашырылды. Бул жерде 40ка жакын заманбап отургучтар, светодиоддор, 4 оргума, заманбап жарыктандыруу системалары орнотулган.