Т.Турсунбаева көчөсүн асфальттоо иштери башталды

Капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин алкагында Т.Турсунбаева көчөсү жаңы темир жол өткөөлүнөн (Зухра кафесинин жаны) И.Раззаков көчөсү менен кесилишкен жерге чейин 18 метрге кеңейтилип, учурда жолго асфальттын биринчи катмары төшөлө баштады. Ал эми жолдун боюндагы суу жана газ түтүктөрү, электр чубалгылары толук көчүрүлүп, бордюрларды жана арык лотокторун орнотуу боюнча иш-аракеттер аяктады.
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы ачык конкурс жарыялайт

“Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү ижара шартында убактылуу пайдаланууга уруксат берүү” комиссиясынын 2024-жылдын 6-июнундагы протоколуна ылайык, Ош шаарындагы төмөндөгү муниципалдык обьектилер ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү боюнча конкурс жарыялайт. Курманжан датка № 121 конкурс Конкурска катышуучулар: Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты Ош шаарынын Заднепровский көчөсү, №4 дарегинде кабыл алынат. (3-кабат, 13-каана) 1.Физикалык жактар […]
Селдин кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чаралар көрүлүүдө

Бүгүн, 18-майда Ош шаарында катуу жаан жаап, анын кесепетинен шаардын айрым аймактарында сел жүрдү. Буга байланыштуу Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев жарандык коргонуу кызматтары менен өткөргөн ыкчам кеңешмесинде берилген тапшырмага ылайык, учурда мэрдин орун басарлары, тиешелүү мекеме-ишканалардын, жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары келген селдин кесепеттерин жоюу, шаардагы ирригиациялык тармактарды тазалоо, иретке келтирүү боюнча […]
Ош шаарынын мэри Б.Ж. Жетигеновдун Орозо айт майрамына карата куттуктоосу

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Баарыңыздарды улуу, ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайм! Рамазан айы – тынчтыктын, сабырдуулуктун, кечиримдүүлүктүн, берекенин ыйык айы. Бир ай бою жакшылыкка үмүт байлап, жакшы ниет менен орозо кармап, бүгүнкү айт намазын сиздер менен чогуу окуп жатабыз. Орозо айт – элибиздин илгертен бери белгилеп келген кайрымдуулук жана кубаныч майрамы. Бүткүл мусулман эли […]
Шаардык таза жана саркынды суу тармактарына кошулуудагы бааларын жана эсептөө ыкмасын бекитүү жөнүндө

Шаардык таза жана саркынды суу тармактарына кошулуу үчүн техникалык шарттарды даярдоо, шаардык таза жана саркынды суу тармактарына кошулуу үчүн тарифтик ставка баалары жана эсептөө ыкмалары бекитилди. Толук маалымат тиркемеде. № 218 токтом 15.03.2024-ж.