ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН БАШКЫ, УЛУК ЖАНА КЕНЖЕ ТОПТОРУНУН КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН БАШКЫ, УЛУК ЖАНА КЕНЖЕ ТОПТОРУНУН КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
🔵 АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН КЕНЖЕ ТОБУ.
👉 Кесиптик билиминин деңгээли:
– жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
– иш стажына талаптар коюлбайт.
👉 Кесиптик компетенттүүлүгү:
➨ Төмөнкүлөрдү билүү:
-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы.
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана же расмий тилди билүүсү.
🔵 АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН УЛУК ТОБУ.
👉 Кесиптик билиминин деңгээли:
– жогорку билим;
– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.
👉 Кесиптик компетенттүүлүгү:
➨Төмөнкүлөрдү билүү:
-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
-“Кыргызтест” системасы боюнча кызматтык жана функцияларды милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө орто деңгээлден (В1) төмөн эмес сертификатка ээ болуу.
🔵 АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН БАШКЫ ТОБУ.
👉Кесиптик билиминин деңгээли:
-жогорку билим;
-жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.
👉Кесиптик компетенттүүлүгү:
➨Төмөнкүлөрдү билүү:
-жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
-“Кыргызтест” системасы боюнча кызматтык жана функцияларды милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө орто деңгээлден (В1) төмөн эмес сертификатка ээ болуу.
👇Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди конкурстук комиссияга тапшырышы зарыл:
1. Конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы (муниципалдык кызмат ордунун тобун көрсөтүү менен);
2. Резюме (бекитилген формага ылайык жана электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин, көрсөтүү менен)
3. Кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
4. Сүрөт 4х6;
5. Паспортунун көчүрмөсү жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
6. Аскердик билетинин көчүрмөсү;
7. Өмүр баян (өз колу менен жазылган);
8. Соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
9. Эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) жана билими тууралуу документтеринин нотариус аркылуу же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
👆 Сынакка катышуу үчүн жогорудагы документтерди 2025-жылдын 10-июлу саат 18:00 гө чейин Ош шаарынын мэриясынын адам ресурстарын башкаруу секторуна (210-кабинет) тапшыруу зарыл.
☝️Эскертүү: биометрикалык паспорт ээлеринен “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жашап жаткандыгы тууралуу тастыктоочу маалымкат (справка с места жительства) талап кылыныт.
• Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн талапкерлердин документтери бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана электрон дареги так көрсөтүлүшү керек.
✍️Дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү 221, кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: (03222) 5-50-79, 5-54-59.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео