ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

“Аялдар коомдо зор күч” аталышындагы иш-чара өттү

Бүгүн, Бабур атындагы театрда КР “Аялдар кеңеши” коомдук бирикмесинин 100 жылдыгына карата “Аялдар коомдо зор күч” аталышындагы иш-чара өтүп, ага Ош шаарынын мэриясынын, шаардык кеңешинин өкүлдөрү, КР Аялдар кеңешинин төрайымы Айнуру Алтыбаева, КР “Аялдар кеңеши” коомдук бирикмесинин Ош шаарындагы Аялдар кеңешинин төрайымы Атыргүл Кожоева, билим берүү жана медицина тармагынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз чыгаан аялдарын чагылдырган сахналаштырылган көрүнүш, Маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, улуттук колориттеги көргөзмө уюштурулду.
Ошондой эле, аялдардын коомдогу орду тууралуу баяндама айтылып, коомдук иштерге активдүү катышкан, көрүнүктүү иштерди алып барган айымдар сыйланды.
Иш-чара аялдардын Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө кошкон өзгөчө салымын чагылдырып, алардын кадыр-баркын жогорулатып, өлкөнүн жаңылануу багытындагы өнүгүү процесстерине активдүү катышуусун колдоо менен бирге жаштарды тарбиялоо жоопкерчилигин күчөтүп, аларга туура багыт берүү максатында өткөрүлдү.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео