ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын мэриясы административдик кызмат орундарынын төмөнкү топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт

Ош шаарынын мэриясы административдик кызмат орундарынын төмөнкү топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт: 1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу. Кесиптик билиминин деңгээли: – жогорку же болбосо орто кесиптик билим (экономика жана башкаруу, юридикалык, архитектура жана курулуш, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, техникалык, автоматташтыруу жана башкаруу, айыл чарба багыты боюнча); – иш стажына талаптар коюлбайт. […]

Ош шаарында жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатат

«Ош шаардык жолдор башкармалыгы» шаар ичиндеги жолдорду жамоо иштерин жүргүзүп жатат. Анын ичинде административдик-аймактык реформанын алкагында Ош шаарынын аймагына кошулган жолдор да бар. Быйыл шаардагы жалпы узундугу 321 чакырымды түзгөн жолдун, 32 мин чарчы метри ондолот.

Ошто Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү белгиленди

Бүгүн, 12-апрель күнү борбордук аянтта Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата “Менин ден соолугум, менин укугум” урааны астында чуркоо иш-чарасы өттү. Спорттук иш-чарасынын алкагында акысыз медициналык анализдерди тапшыруу, консультация берүү боюнча кызматтар көрсөтүлдү. Жарышка Ош шаарынын жана Ош облусунун мамлекеттик мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана […]

“Манас-Ата” кафесинин кызыл сызыкка чыккан бөлүгү буздурулду

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан А. Шакиров көчөсүндө жайгашкан «Манас-Ата» кафесинин алдындагы мыйзамсыз курулуштар алынып салынды. Бул курулуштар кызыл сызыктан 7 метрге чыгып кеткен. Буга чейин кафенин ээсине мыйзамсыз курулуштарын алып салуу боюнча бир нече эскертүүлөр берилип, аткарылган эмес. Ал эми кафени бузуп салуу боюнча Жогорку Соттун чечими чыккан. Бирок ага макул […]

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Эртең, 12-апрель күнү саат 8:30да борбордук аянтта Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата “Менин ден соолугум, менин укугум” урааны астында чуркоо иш-чарасы башталат. Масштабдуу спорттук иш-чарага каалоочулардын бардыгы катыша алат. Активдүү катышкандар байгелүү белектер менен сыйланат. Иш-чаранын алкагында акысыз медициналык анализ жүргүзүү жана кеңештерди берүү үчүн көчмө лабораториясы дагы иштейт.

Ош шаарында Орозо айт намазы окулду

Бүгүн Ош шаарындагы 47 мечитте Орозо айт намаздары окулду. Ош шаарынын борбордук Имам Аль Бухари-Алай мечитинде шаар мэри Бакытбек Жетигенов айт намазына катышып, шаар тургундарын жана конокторун айт майрамы менен куттуктады.

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Ош көчөсүнүн Ж.Раимбеков көчөсүнөн Ж.Бабараимов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө асфальт төшөө, капиталдык оңдоп түзөө иштерине байланыштуу унаа кыймылы үчүн жол убактылуу жабылды. Айдоочуларга жасалып жаткан иштерди түшүнүү менен кабыл алып, убактылуу башка багыт менен жүрүүлөрүн эскертебиз.

Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы көчөнүн бирине КР Улуттук коопсуздук кызматынын ардагери, генерал-майор Абдижалил Жамаловдун ысымы ыйгарылды

Салтанаттуу иш-чарага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азатбек Кубатбек уулу, Абдижалил Жамаловдун жакындары, укук коргоо органдарынын жетекчилери, ардагерлер, аскер кызматчылары катышты. Аталган көчөнүн ачылышынын урматына КР Улуттук коопсуздук кызматынын ардагерлерине ыраазычылык баракчалары жана Ардак грамоталар тапшырылды. Ошондой эле, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык иретинде Ош шаарынын мэрине жана Ош шаардык […]