ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы көчөнүн бирине КР Улуттук коопсуздук кызматынын ардагери, генерал-майор Абдижалил Жамаловдун ысымы ыйгарылды

Салтанаттуу иш-чарага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азатбек Кубатбек уулу, Абдижалил Жамаловдун жакындары, укук коргоо органдарынын жетекчилери, ардагерлер, аскер кызматчылары катышты.

Аталган көчөнүн ачылышынын урматына КР Улуттук коопсуздук кызматынын ардагерлерине ыраазычылык баракчалары жана Ардак грамоталар тапшырылды.

Ошондой эле, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык иретинде Ош шаарынын мэрине жана Ош шаардык кеңештин төрагасына Кыргызстандын Улуттук коопсуздук органдарынын генералдары жана ардагерлер клубунун атынан ыраазычылык баракча менен эстелик медалы тапшырылды.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео