Эртең, 12-апрель күнү саат 8:30да борбордук аянтта Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата “Менин ден соолугум, менин укугум” урааны астында чуркоо иш-чарасы башталат.
Масштабдуу спорттук иш-чарага каалоочулардын бардыгы катыша алат. Активдүү катышкандар байгелүү белектер менен сыйланат.
Иш-чаранын алкагында акысыз медициналык анализ жүргүзүү жана кеңештерди берүү үчүн көчмө лабораториясы дагы иштейт.