ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Административдик-аймактык реформа боюнча жумушчу топтун алгачкы жыйыны өттү

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында административдик-аймактык реформа боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Жарлыгын ишке ашыруу максатында түзүлгөн жумушчу топтун алгачкы отуруму өттү. Мында иш-чаралардын планын түзүү, сунуштарды берүү, кошулган аймактар боюнча ар бир тармак өзүнө таандык болгон маселелерди карап чыгып, сунуш киргизүү боюнча мөөнөттөр белгиленип берилди.

Муниципалдык жер тилкелер ижарага берилет

  Жер тилкелерин ижара шартында убактылуу пайдаланууга конкурс өткөрүү жолу менен берүү үчүн коюлуучу ЛОТтор:    Лот№ Жердин дареги Максаты, мөөнөтү Аянтычарчы метр Старттык баасы (сом) 1. Ош шаарынын №1 Туран муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Ишматов көчөсүндөгү          № 2Б/2 турак үйдүн батыш тарабында жайгашкан жер тилкеси   Үч жылдык мөөнөткө, жашылдандыруу үчүн эч кандай курулуш […]

Таза суу долбоорунун үчүнчү этабы башталды

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ак-Буура дарыясынын Даңги участогунан шаарга суу алуучу башкы тосмого чейинки аймакка диаметри 1000 мм болгон 2400 метрди түзгөн суу түтүгүн тартуу ишине старт берди. Калаа башчысы аталган долбоордун маанилүүгүн белгилеп, алдыда жасалчу иштерди өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды. Бул долбоор шаарды таза суу менен камсыз кылуунун үчүнчү этабы болуп, […]

Унаа жуучу жай бузулууда

Ош шаарынын Анар кичи районундагы мыйзамсыз автоунаа жуучу жай бүгүн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан бузулууда.

“Ден соолугу чың адам-өнүккөн өлкө жөнүндө” программасынын жаңы редакциясы талкууланды

Талкууга Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин, Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык жана Ош облусттук саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери, өкүлдөрү катышты. Жыйында аталган программанын алгачкы 5 жылдыгынын жыйынтыгы, жетишкендиктер жана кемчилдиктер талкууланып, аны аткарууда кошумча практика жүзүндө пайда болгон көйгөйлөрдү, сунуштарды эске алуу менен программанын жаңы редакциясын кабыл алуу сунушталды. Ошондой эле жаңы программага Ош шаарындагы […]

Ош: мыйзамсыз курулуштарды бузуу уланууда

Курманжан-Датка 211 (Араванский) дарегинде жайгашкан “Ситимаркет” соода борбору өз алдынча уруксат кагазы жок 25 чарчы метрге курулуш жүргүзүп тосуп алган. Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан эскертүү берилип, мыйзамсыз курулуш жеке ишкердин өз эсебинен бузулууда.

“Царский двор” кафеси менен Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы келишимин үздү

“Царский двор” кафеси менен Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы келишимин үздү! Буга чейин аталган кафе ижара шартында муниципалдык жер тилкесин иштетип келген.

Орусия азык-түлүк программасынын алкагында байытылган ун жеткирди

Бүгүн, Ош шаарына БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Орусия 200 тоннадан ашык байытылган ун жеткирди. Өлкөнүн түштүк аймагы Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан колдоого алынып, жыл сайын бул аймактагы 4600дөй адамга азык-түлүк (байытылган ун, өсүмдүк май) таратылат. Орусия Федерациясы БУУнун азык-түлүк программасын колдоого алган (ВПП ООН) Кыргызстандагы эң ири донор. Акыркы 10 жылдан бери […]

Ош шаарынын мэри Б.Ж. Жетигеновдун Жаңы жылдык куттуктоо сөзү

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Кымбаттуу мекендештер! Сиздерди саналуу сааттардан соң кирип келе жаткан Жаңы 2024 -жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Бүгүн эски жылды узатып, жаңы жылды тосуу алдында турабыз. Албетте, жыл тогошоор мезгилде жыл ичинде аткарылган жумуштарды жана жетишкендиктерди карап, шаарыбызды өнүктүрүү үчүн бир топ максаттарды алдыга коюп жатабыз. Узап бараткан жыл маанилүү жана маңыздуу […]