Кызамык күч алды. Калк арасында түшүндүрүү иштери күчөтүлөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясына караштуу Эпидемияга жана эпиоозотияга каршы комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. Жыйындын күн тартибинде Ош шаарында 2024-жылдын 25-январына карата кызамык оорусунун эпидемиологиялык абалы, илдеттин алдын алуу жана жайылуусуна бөгөт коюу иш-аракеттерин уюштуруу жөнүндө […]
Базарларды иретке келтирүү талабы коюлду

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев шаардагы тиешелүү мекеме-ишканалардын, кызматтардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен базарларды иретке келтирүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Мында учурда аткарылып жаткан иш-аракеттер боюнча маалыматтар берилип, тиешелүү кызматтарга базарлардын аймагын тез ара ичинде тартипке келтирүү, башаламан соодага каршы туруу, тартип бузгандарга тиешелүү эскертүү жана билдирүүлөрдү берүү, санитардык ченемдердин аткарылышын […]
Эки деңгээлдүү өтмөктү курууга даярдык башталды

Ош шаарында Ы. Монуев көчөсүн “Кыргыз Көчү” босогосунан А. Масалиев кең көчөсүнө чейинки аралыкты оңдоп-түзөө, Ы. Монуев, А. Шакиров менен Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдүү жер астынан, үстүнөн унаалар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн курулуучу өтмөктү курууга даярдыктар башталды. Бул Ош шаарында жасалуучу негизги ири долбоорлордун бири. Анын алкагында тиешелүү адистер тарабынан учурда элге түшүндүрүү иштери, […]
Туризм тармагынын жөндөмдүүлүгү жогорулайт

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) жана Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган туризм өкүлдөрүнүн жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча программасынын алкагында аталган тармакта адистерди даярдоо максатында жыйын өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэриясынын, «Дестинация-Ош» туризм ассоциациясынын, Ош шаарынын жана Ош облусунун туризм тармагынын мекеме-ишканаларынын өкүлдөрү, жаштар катышып, туризм тармагында көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, турлардын географиясын […]
Ош шаарынын саламаттык сактоо тармагы жыл жыйынтыгын чыгарды

Жыйынды Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров алып барып, анын алкагында саламаттык сактоо тармагында бир канча жетишкендиктер боюнча баяндамалар жасалды. Маалым болгондой, Ош шаарында жалпы 22 мамлекеттик медициналык мекеме ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Шаарда 2023-жылы медициналык мекемелерде иштеген медициналык жана башка кызматкерлердин жалпы саны 3 227 түзсө, ал эми 2022-жылы медициналык мекемелерде иштеген медициналык жана […]
Жыл жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А. У. Жапаровдун катышуусунда жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери 2023-жылга карата аткарган жумуштары боюнча маалымат берүүдө. Муну менен бирге 2024-жылга карата алдыда жасалчу иш-пландар талкууланып, сунуштар берилет. Жыйынга министрлер, облус жетекчилери, район акимдери, шаар мэрлери катышууда. Алдыда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарында 2023-жылы […]
Таштанды ылгоочу аянтчалардын саны көбөйөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясына караштуу «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы жыл жыйынтыгын чыгарды. Жыйында ишкананын жетекчиси 2023-жылы аткарылган жумуштардын жыйынтыктары боюнча маалымат берди. Мында таштандыларды жыйноо маданиятын жогорулатуу, керектөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында быйылкы жылга мерчемделген максаттары тууралуу айтып өттү. Ошондой эле, көп кабаттуу үйлөрдүн аймагын тазалоо иштерин күчөтүү максатында быйылкы жылы 30га жакын кошумча […]
Ош шаарында мамлекеттик тил проректорлорунун III форуму өттү

Бүгүн, Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын “Жогорку окуу жайларындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери” аттуу мамлекеттик тил проректорлорунун III форуму өттү. Форумга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, КР Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын саясатты […]
“Бавария” жайкы кафеси бузулууда

Ош шаарынынын инфраструктурасын жакшыртуу, шаар тургундарына, келген конокторго ыңгайлуу шарт түзүү жана С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук Кыргыз драма театрынын айланасын ирээтке келтирүү максатында Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы Курманжан-Датка, 243/1 дарегинде жайгашкан “Бавария” жайкы кафесинин ижарачысы менен түзүлгөн келишимин жокко чыгарды. Учурда муниципалдык менчиктеги жер тилкесин бошотуу иштери жүрүүдө. Белгилей кетсек, буга чейин ижарачыга […]
Жер мунапысы боюнча келип түшкөн арыздар канаттандырылды

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсуповдун төрагалыгы астында жер мунапысы боюнча түзүлгөн комиссиянын кезектеги отуруму өттү. Күн тартибинде келип түшкөн арыздардын тизмесин добушка коюу, кайрылган 88 жарандын тизмесин бекитүү жөнүндө сунуш каралды. Комиссиянын кароосуна жыл ичинде жалпы 1999 арыз келип түшкөнү айтылып, жалпы маалымат берилди. Мында жыл жыйынтыгы менен 844 жаранга жер тилкеси […]