Ош: жаңы жылдык кече өзгөчө шаң менен өтүүдө

Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жыл майрамы белгиленип, 20 миңден ашуун адам чогулду. Саат 14:00дөн баштап концерттик программалар тартууланды. Шаар башчы Бакытбек Жетигенов аянтта калаа тургундарын жана конокторду жаңы жылы менен куттуктады. Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, мекеме-ишкана жетекчилери катышты. Майрам фейерверк менен коштолуп, эстрада жылдыздары тарабынан ыр күүлөр тартууланды.
Ош: борбордук аянттагы майрамдык шаң

Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылга карата майрамдык концерт өтүп жатат. Шаар тургундарына жана конокторуна “Келечек” балдар чыгармачыл борбору, С.Бекмуратов атындагы музыкалык мектеби, Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайы, П.И.Чайковский атындагы искусство мектеби тарабынан концерттик программа тартууланууда. Ошондой эле окуу жайлар, шаардык билим берүү башкармалыгы да майрамдык программа даярдаган. Майрамдык маданий иш чара саат 23:00гө чейин […]
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Жаңы жылдык иш-чараларга байланыштуу, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн №2 троллейбустук каттам эртең 31-декабрь күнү саат 10:00дөн тарта 1-январь саат 01:00гө чейин, ал эми автобустардын кыймылы саат 20:00дөн баштап, 01:00гө чейин төмөнкү багыттар боюнча каттайт: – Борбордук аянт – Кулатов кичи району ( Западный); – Борбордук аянт – Манас-Ата кичи району (ХБК).
Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору!

Эртең 31-декабрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында саат 12:00дөн 23:00гө чейин жаңы жылдык оюн-зоок, концерттик программа болот. Майрамдык программанын алкагында жомок каармандары ыр ырдап, хореографиялык топтор түрдүү бий бийлеп, балдарга жана шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулашат. Иш-чара Ош шаардык маданият башкармалыгынын, «Келечек» балдар чыгармачылык борборунун, шаардын музыкалык окуу жайларынын, театр ишмерлеринин жана студенттердин катышуусунда өтөт. […]
Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети бир катар адистештирилген мекемелерден кабар алды

Бүгүн, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров жана кызматкерлери Оштогу “Боорукердик” үй-интернаты, “Лотос” жана “Алтын уя” үй-бүлөлүк балдар үйлөрүнөн кабар алышты. Анын алкагында карыяларга жана балдарга кышкыга жылуу кийим-кече, жаңы жылдык татууларды, белектерди тапшырышты.
Көңүл буруңуздар! Ош шаарынын мэриясы маалымдайт!

Жаңы жылдык майрамдарга карата дем алыш күндөрү жарандарга тынымсыз консультация берүү жана өзгөчө кырдаалдарда ыкчам жардам көрсөтүү максатында төмөндөгү шаардык кызматтардын телефон номерлери байланышта болот: – Ош шаарынын мэриясы – 03222 5-58-01, 03222 5-51-79; – Оштогу муниципалдык “Жылуулуккамсыздоо” ишканасы – 03222 5-07-90, 0773100300; – “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасы – 03222 8-11-51, 03222 8-11-15, 0555413131, 0772013601; – […]
Жыл жыйынтыгы: Бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер сыйланды

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын, Ош шаарынын социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишинде чоң жетишкендиктери, 2023-жылдагы жогорку көрсөткүчтөрү, кызматтык милдеттерин аткаруудагы ак ниет эмгеги, шаардык коомдук-саясий, маданий турмушундагы активдүүлүгү үчүн Ош шаарынын мэриясынынын аппаратынын, шаардык мекеме-ишканалардын бир катар жетекчилери, кызматкерлери төмөнкү мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын […]
Ош: 600 баланын катышуусунда мэрдин балатысы өттү

Бүгүн, С. Ибраимов атындагы ОУДТда Ош шаарынын мэринин балдар үчүн жаңы жылдык “Алтын балаты – 2024” майрамы болуп өттү. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов калаанын жаш тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, кубаныч жана окууларында албан ийгиликтерди каалады. Мэрдин балатысына 600дөн ашуун мектептин алдыңкы окуучулары, майыптыгы бар, аз камсыз болгон, […]
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы өтүүдө

Бүгүн, 27-декабрда Ош шаардык кеңешинин XXII сессиясы болуп жатат. Ага Ош шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, депутаттар, шаардагы мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда. Сессиянын күн тартибинде жалпы 12 маселе каралып, суроо-жооптор берилип, аталган маселелер боюнча токтом долбоорлору кабыл алынууда.
Чакан жана орто ишкерлер колдоого алынат

Бүгүн Ош шаардык прокуратурасында бизнес чөйрөсүнүн, шаардагы курулуш компанияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, Ош шаарынын прокурору Малик Бектурганов, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Майрамбек Карыбеков, шаардык жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. Жыйында ишкерлерге текшерүү жүргүзгөн учурда ачык-айкындуулукту камсыздоо, бизнеске […]