225-кварталда жаңы социалдык имараттардын ачылышы болду

Бүгүн, Ош шаарынын «Керме-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын 225-кварталында фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП), окуу борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Аземге Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, эл аралык кайрымдуулук уюмдарынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Иш-чаранын алкагында курулушка салым кошкон Кувейт мамлекетиндеги “Шейх Абдулла Нурий” кайрымдуулук фондунун, “Ассанабил” эл аралык уюмунун жеткечилерине Ош шаарынын мэриясынын Ыраазычылык […]
Кенемте төлөнүп берилди

Бүгүн, ХОВО үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын камсыздандырган Ош шаарынын Жапалак айыл аймактык башкармалыгынын жашоочусу Илимбек Жээнбековго Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан жалпы суммасы 1 135 320 сом кенемте сертификаты берилди. Сертификатты Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Оштогу бөлүмүнүн башчысы Төрөбек Нариев тапшырышты. Белгилей кетсек, кенемте жол кырсыкка кабылган жана камсыздандырылган […]
Мэр жарандарды кабыл алды

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алып, сунуш, кайрылууларын укту. Кабыл алууга мэриянын бөлүм башчылары жана шаардык, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышты. Жарандар негизинен документтерди даярдоо, материалдык жардам көрсөтүү, жер тилкелери боюнча талаш-тартыштарды чечүү, ипотекалык шартта турак жай алуу, мыйзамсыз курулуштарга чара көрүү, шаардын четки аймактарын таза […]
Ош шаарында жаңы эс алуучу жайлардын курулушу башталды

Долбоор боюнча борбордук аянтта жөө адамдар үчүн фонтандын курулушу жана Токтогул Сатылганов атындагы сейил бактагы жайкы театрды оңдоп-түзөө иштери башталды. Долбоорду толук аяктоо кийинки жылга болжолдонгон. Эске салсак, аталган курулуштар Ош шаарынын мэриясы жана АРИС уюму менен биргеликте шаар аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында макулдашылган “Аймактарды экономикалык өнүктүрүү” беш долбоордун алкагында ишке ашууда.
Ошто билим күнүнө карата мектеп жана бала бакча пайдаланууга берилди

Бүгүн, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда «Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыгында 100 орунду «Бөбөк» бала бакчасынын жана «Манас-Ата» муниципалдык аймактык башкармалыгында 500 орунду №27- орто мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Куттуктоо сөзүндө Акылбек Жапаров билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана мугалимдерди колдоого мындан ары […]
Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана көрүнүктүү мамлекеттик, саясий ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган иш-чара гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана көрүнүктүү мамлекеттик, саясий ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган иш-чара гала-концерт менен жыйынтыкталды.
Эгемендүүлүк: “Тогуз ордо” аймагында маданий иш-чаралар өтүүдө

Ош шаарынын Ленин проспектисинде Республиканын жети дубаны жана Бишкек, Ош шаарлары жайгашкан “Тогуз ордо” аймагында «Түштүк базары» республикалык көргөзмө-жарманкеси жана кароо-сынактар өтүп жатат. Жарманкеде ар бир облус, шаардын тарыхын, кооз табиятын, маданий жана коомдук өзгөчөлүктөрүн чагылдырган “Жергемдин жети керемети”, «Жер эненин жемиши», “Кыялымдагы шаар”, ишкерлердин колунан жасалган заманбап, сапаттуу, бренд товарлардын “Футурама”, «Сарпай», «Өнөркана» аталыштарындагы […]
Эгемендүүлүк: «Ош – достуктун шаары» фестивалы өттү

С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын алдында боордош калктардын маданиятын чагылдырган «Ош – достуктун шаары» фестивалы өтүп, анда ар улуттун өкүлдөрүнүн улуттук каада-салты, ыр-күүсү, бийлери тартууланды. Ошондой эле кол-өнөрчүлөрдүн, улуттук кийим-кечелердин көргөзмөсү болуп, “Алтын туурум – Ата-Журтум” республикалык маданий кароо-сынактарынын алкагында скульпторлордун “Тарыхта калган элестер”, өлкөнүн жети дубандын кереметүү жерлеринин кичи бейнесин чагылдырган “Ата-Журт […]
Эгемендүүлүк: Ошто ашпозчулардын фестивалы өттү

Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнө карата шаардыктар жана коноктор учүн Ош шаарынын мэриясы тарабынан” Ош берекеси” аттуу “Аш” жана “Нан” фестивалы уюштурулду. Фестивалга 30га жакын шаардын жана Ош облусунун атагы чыккан ашпозчулары катышты.
Эгемендүүлүк: Балдар Кыргызстанды даңазалап сүрөт тартышты

Т. Сатылганов атындагы сейил багында «Алтын туурум–Ата-Журтум» республикалык маданий кароо – сынакта алкагында «Күнөстүү Кыргызстан» балдардын асфальтка сүрөт тартуу сынагы өтүп, жаш балдар бор менен жерге сүрөт тартышты. Ошондой эле 10 метр бийиктиктеги мамыдагы байгени алып түшүү боюнча «Мамы-Байге», «Кожомкул-Таш» балбандардын оор салмактагы таш көтөрүү мелдештери жана «Сыйкырдуу калем» графикалык сүрөтчүлөрдүн сынактары өтүүдө.