ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Эгемендүүлүк: Улуттук оюндар боюнча мелдештер өтүүдө

А. Сүйүмбаев атындагы Ош борбордук стадионунда 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата жана Н. Исановдун 80 жылдыгына арналган спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө. Мелдештердин алкагында өлкөнүн жети дубанынан жана Өзбекстан, Казакстан, Тажикстандан келген спорт сүйүчүлөр “Ордо”, “Айкүр чүкө”, “Оордуктарды көтөрүү”, “Таяк тартыш”, “Кыргыз күрөш”, “Алыш бел боо күрөшү”, “Улуу көчмөндөр күрөшү” улуттук оюндары боюнча күч сынашууда. Финалга […]

Президент Садыр Жапаров Ошто шаар калкын таза суу менен камсыз кылган жаңы суу алуучу жайды ишке киргизди

Бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош шаарында жаңы суу алуучу жайды ишке киргизди. Эске салсак, ушул жылдын июль айында Мамлекет башчысы Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы таза суу үчүн төрт жаңы суу сактагычтын курулушу менен таанышып, түштүк борбордун тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселесин бир айдын ичинде чечүүнү тапшырган. […]

Эгемендүүлүк: Насирдин Исановдун эстелиги ачылды

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош мамлекеттик университетинде Мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун эстелигин ачты. Ал эми университеттин жыйындар залында Кыргызстандын алгачкы премьер-министри, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмердин өмүр таржымалына арналган илимий конференция өтүп жатат.

Эгемендүүлүк: Мамлекеттик Туу көтөрүлдү

Бүгүн, 31-августта “Сулайман-Тоо” тарыхый мемориалдык комплексинин алдындагы Алымбек-Датка этнографиялык борборунда Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Мамлекеттик Тууну көтөрүү аземи болду. Желек саптын узундугу 60 метр, желектин узундугу 22.5 метр, туурасы 15 метрди түзөт. Аземге КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Н. Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасы А. Жапаров, экс-президенттер, коомдук жана мамлекеттик […]

Ош шаарына чет өлкөлүк дипломаттар келди

Бүгүн, Ош шаарына Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлүк жумушчу топ жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, өкүлдөрү келишти. Аларды Ош эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алууга Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Зарлык […]

А. Масалиев көчөсү менен А. Навои көчөсүнүн кесилишиндеги жол унаа каттамдары үчүн толук ачылды

Эске салсак А. Масалиев көчөсүнүн үч чакырым жолуна толук жаңыдан асфальт төшөө иштери башталган болчу. Жумуштар 100%га аяктап жол бүгүнтөн тарта ачылды. Муну менен катар А. Масалиев жана А. Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр үчүн курулган өтмөк да шаар тургундары жана коноктору үчүн толук ачылып, өтмөк аркылуу жүрүүгө уруксат берилди. Өтмөктүн негизги конструкциясы бүттү. Ал […]

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси тосуп алынды

Ош эл аралык аэропортунда грек-рим күрөшү боюнча 20 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунун күмүш байге ээси Жантөрө Мирзалиев салтанаттуу тосуп алынды. Ага Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, машыктыруучулар, спортчулар жана жакындары катышып, күмүш медал ээсин куттуктап, ийгиликтерди каалашты. Белгилей кетсек, бир күн мурун Жантөрө Мирзалиев Иорданиянын борбору Амман шаарында өткөн […]

Ош шаарынын мэриясы административдик кызмат орундарынын улук жана кенже топторунун кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт

1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу. Кесиптик билиминин деңгээли: – жогорку же болбосо орто кесиптик билим (багытына талап коюлбайт); – иш стажына талаптар коюлбайт. Кесиптик компетенттүүлүгү: Төмөнкүлөрдү билүү: -жалпы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы. -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана же […]

Ошто кулчулуктун курмандыктарын эскерүү күнүнө карата жыйын өттү

Бүгүн, 23-август – кулчулуктун курмандыктарын эскерүүнүн жана аны жоюунун эл аралык күнүнө карата Ош шаарынын мэриясынын алдындагы адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңештин жыйны болуп өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Бактыгүл Айдакеева, ЕККУнун Бишкек шаарындагы кеңсесинин өкүлү […]

Ош шаарынын мэриясы ЮНИСЕФ менен кызматташууну күчөтөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Балдар фондунун жетекчиси Кристин Жольм менен жолугушту. Жолугушууда тараптар, балдарды колдоо максатында маданият, билим берүү жана спорт багыттары боюнча биргелешкен келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу, эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү маселесин талкуулашты. Жолугушуунун алкагында шаар бийлигине ЮНИСЕФтин Оштогу кеңсесинин жаңы жетекчиси Айсулуу Сулайманова […]