ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

«БИРГЕ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ!» ЭЛ АРАЛЫК ЖАШТАР СЫНАГЫНА СТАРТ БЕРИЛДИ

Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттер аралык кеңештин ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы «БИРГЕ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ!» («Вместе против коррупции!») аттуу Эл аралык жаштардын социалдык жана антикоррупциялык сынагын жарыялайт. Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт: «Мыкты сүрөт» «Мыкты плакат» «Мыкты видеоролик» Сынакка 10 жаштан 25 жашка чейинки жарандар жеке автор катары же […]

Жанарбек Акаев: “Аношина көчөсүн шаар күнүнө чейин бүтүргүлө!”

Ош шаарындагы Аношина көчөсү оңдолуп жатат. Азыр жумушчулар жолго асфальттын алгачкы катмары төшөлүп, жол аркылуу өткөн көпүрөнү бетондоо иштери жүрүүдө. Оңдоо иштери Т. Турсунбаева көчөсүнө чейин жүрөт. Мэр Жанарбек Акаев жумушчуларды көбөйтүп, оңдоону 5-октябрдагы шаар күнүнө чейин бүтүрүүнү тапшырды. https://www.facebook.com/share/r/1BpXAKk9T7/

Кыр-Арык каналынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынууда

Кыр-Арык каналынын жээгиндеги, тактап айтканда Дадабай-Ата кафесинин артындагы аймак мыйзамсыз курулуштардан бошотулууда. Жеңил конструкциядагы объектилер жергиликтүү тургундар жана ээлери тарабынан ыктыярдуу бузулуп жатат. Бошотулган тилке суу корук аймагын коргоо талаптарына ылайык толугу менен иретке келтирилип, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин алкагында шаар тургундары үчүн таза, коопсуз, ыңгайлуу коомдук мейкиндикке айланмакчы. https://www.facebook.com/share/r/1DufM8oTxA/

20 жылдан бери чечилбей келген маселе: Жапалакта газдаштыруу иштери кайра жанданды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасынын негизинде Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында газдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө аймакка 2 чакырымга жакын магистралдык газ түтүгү тартылды. Газ түтүктөрүн тартуу боюнча курулуш иштерин “Газпром” ЖЧКсынын филиалынын “Ош шаардык газ” ишканасы жүргүзүүдө. Белгилей кетсек, Жапалак аймагын газдаштыруу иштери 2008-жылы башталып, ошол учурда 7 чакырымга жакын газ түтүгү тартылган. […]

Ош шаарында бир катар сейил бактар ачылды

Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы Жолон Мамытов атындагы сквер пайдаланууга берилди. Ачылыш аземге шаар мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Исраилов, шаардык кеңештин депутаттары, шаар тургундары катышышты. Калаа башчысы тургундар үчүн эстелик тактайчасын орнотуп, жарыктандырууга старт берди. Ж. Мамытов атындагы сквер Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан курулуп, заманбап отургучтар, акындын ырынын саптары менен […]

Татар айылында жаңы асфальт: Школьная көчөсү пайдаланууга берилди

Жапалак айылдык аймагына караштуу Татар айылынын тургундары үчүн жаңы жол ачылды. Июль айынан бери жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштери толугу менен аяктап, Школьная көчөсү пайдаланууга берилди. Бул долбоордун алкагында узундугу 865 метр, туурасы 6 метрди түзгөн тилкеге калыңдыгы 10 сантиметрлик эки катмарлуу асфальт төшөлүп, четтерине ирригациялык лотоктор орнотулду. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жергиликтүү тургундарды куттуктап, […]

Балдарга камкордук: Ош шаарында эки жаңы оюн аянтчасы пайдаланууга берилди

Бүгүн шаардагы балдардын бош убактысын көңүлдүү өткөрүүсү үчүн эки заманбап объекти колдонууга берилди. Бири № 40 “Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюмунун аймагынан орун алса, экинчиси Р. Абдыкадыров көчөсүндөгү № 195 көп кабаттуу үйдүн короосунда жайгашкан. Жаңы аянтчаларда балдардын ар тараптуу эс алуусуна шарт түзүлүп, жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык түрдүү оюн шаймандары орнотулуп, жаракат алуунун алдын […]

Т. Абакир уулу көчөсү пайдаланууга берилди

Ош шаарынын Т. Абакир уулу көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Мирсатов көчөсүнө чейинки аралыгы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Жол 24 метрге кеңейтилип, төрт тилкелүү болуп жасалды. Унаалар жүрүүчү бөлүгү 15 метр, калганы ирригациялык лотоктор жана тротар болду. Ал эми 1 метр аралык жашылдандыруу үчүн калтырылды. Оңдоп-түздөө иштери аяктагандан кийин көчө бүгүн айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн пайдаланууга берилди. […]

Э. Алиев көчөсүндө масштабдуу жаңылануу башталды

Ош шаарындагы Э. Алиев көчөсүнүн К. Баялинов көчөсүнөн М. Джиннах көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Жолдун жалпы узундугу 1 чакырымды, туурасы 24 метрди түзөт. Оңдоо иштеринин алкагында жол толугу менен жаңыланып, эки катмар асфальт төшөлөт. Ошондой эле көчөнүн эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, жашыл аймактар жана жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарлар курулат. https://www.facebook.com/share/r/1c715f1Sik/

Б. Алыкулов мектебинин айланасы бошотулат

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев № 38 Барпы Алыкулов атындагы мектеп-гимназиясынын айланасындагы имараттарды бузуу боюнча тапшырма берди. Аталган тилкеде учурда объектилер буздурула баштады. Имараты бузулган жарандарга мыйзамга ылайык кенемте төлөнөт. Белгилей кетсек, билим уясынын айланасында унаа жуучу жай, кафе жана чарба буюмдар дүкөндөрү жайгашкан. Калаа башчысы башкы кезекте мектеп жайгашкан аймак кенен, окуучуларга жана мугалимдерге […]