ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

19-сентябрь – жалпы республикалык ишембилик!

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, 2026-жылдын 19-сентябрында Ош шаарынын аймагында жалпы республикалык ишембилик өткөрүлөт. Ишембиликтин негизги максаты — Ош шаарынын аймагын тазалоо, көрктөндүрүү жана санитардык абалын жакшыртуу. Буга байланыштуу, Ош шаарынын аймагындагы бардык […]

#САЛЫКЧЕК: Чек ал — ойно — ут!

Бүгүн Ош шаарында «Ийгиликтүү чек ККМ – Ош!» кызыктыруучу лотереясы боюнча маалыматтык иш-чара болуп өттү. Анын жүрүшүндө лотереянын максаты, катышуу шарттары жана “Салык чек” мобилдик тиркемеси аркылуу ККМ чектерин каттоо тартиби тууралуу маалымат берилди. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаар тургундарын лотереяга активдүү катышууга чакырып, ККМ чегин талап кылуу салыктык маданиятты жогорулатууга жана шаардын бюджетин […]

Мамыров көчөсү 10 күндө пайдаланууга берилет

Ош шаарында Мамыров көчөсүн оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Жолдун Курманжан Датка көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки 500 метрден ашык бөлүгү толугу менен жаңыланууда. Учурда жолдун эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарларды куруу иштери аткарылууда. Тиешелүү иштерди аяктаган соң Мамыров көчөсү жакынкы 10 күндүн ичинде пайдаланууга берилет. https://www.facebook.com/share/r/1CbnV6eT8C/

“Мугалим PRO” долбоору: Ошто эң мыкты 35 жаш педагог тандалып алынды

Жаштар борборунда Ош шаарынын мэриясынын маданият жана жаштар башкармалыгы менен билим берүү башкармалыгынын биргелешкен “Мугалим PRO” долбоору кайрадан старт алды. Мурунку жылдан тарта ийгиликтүү ишке ашырылып келе жаткан бул 6 айлык демилге 35 жашка чейинки мугалимдердин кесиптик, санариптик жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө багытталган. Долбоорго катышууга 300гө жакын жаш адис кызыгуу билдирип, эки этаптуу тандоонун (онлайн-тандоо […]

Ош шаарында “Шоро” сейил багы ачылды

Ош шаарында жаңы “Шоро” сквери пайдаланууга берилди. Аталган сейил бак “Шоро” компаниясы тарабынан тургундарга белек болду. Сквер заманбап стилде курулуп, бардык конструкциялары жыгачтан жасалган. Жаңы эс алуу жайы шахмат сүйүүчүлөрүнүн сүйүктүү жайына айланат. Анткени аймакта шахмат тактайлары орнотулган. Ошондой эле балдар аянтчасы, эс алуучу орундуктар орнотулуп, кызыл таман-таштар төшөлгөн. Айланасы толугу менен жашылдандырылып, газон себилип, […]

Жарандардын суранычы жерде калбайт

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жарандарды жеке кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн жана сунуштарын укту. Кабыл алууда жер маселеси, турак жай, мыйзамсыз курулуштар, ошондой эле социалдык мүнөздөгү бир катар маселелер көтөрүлдү. Шаар башчысы ар бир жарандын кайрылуусун өзүнчө карап чыгып, маселелерди чечүү боюнча тиешелүү муниципалдык кызматтардын жетекчилерине жеринде конкреттүү тапшырмаларды берди. Жарандардын айрым кайрылуулары кабыл алуу […]

«БИРГЕ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ!» ЭЛ АРАЛЫК ЖАШТАР СЫНАГЫНА СТАРТ БЕРИЛДИ

Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттер аралык кеңештин ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы «БИРГЕ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ!» («Вместе против коррупции!») аттуу Эл аралык жаштардын социалдык жана антикоррупциялык сынагын жарыялайт. Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт: «Мыкты сүрөт» «Мыкты плакат» «Мыкты видеоролик» Сынакка 10 жаштан 25 жашка чейинки жарандар жеке автор катары же […]

Ош шаарында жаңы окуу жылы башталды

Бүгүн, 15-сентябрда Ош шаарында Билим күнү белгиленип, 2026–2027-окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чаралар өттү. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Арек айылындагы Ж. Атабаев атындагы №35 жалпы билим берүү мектебинде өткөн алгачкы коңгуроо аземине катышып, окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы окуу жылы менен куттуктады. Иш-чаранын алкагында мектептин жаңыдан курулган ашканасы, спорттук жана актылык залдары пайдаланууга берилди. […]

Кенемте: Ош мэриясы 61 жаранга кызыл китеп тапшырды

Бүгүн 2024-жылы мамлекеттик муктаждык үчүн жер тилкесин берген жарандарга кызыл китептери тапшырылды. Эске салсак, азыркы жаңы муниципалдык базар жайгашкан жер тилкелеринин менчик ээлери менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алардын укуктарын эске алуу менен жер тилкесинин 10 пайызы өлчөмүндө жеке менчикке жер берүү боюнча макулдашуу болгон. Бул багытта тиешелүү трансформация иштери жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө документтер толугу менен даярдалып, […]

Ош – Азиянын шахмат борборуна айланат!

2026-жылдын 15-25-октябрында Ош шаарында биринчи жолу сеньорлор арасындагы шахмат боюнча Азия чемпионаты өтөт. Азиянын ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 50+ жана 65+ жаш категорияларындагы күчтүү шахматчылар, эл аралык гроссмейстерлер жана чеберлер, өлкө чемпиондору жана шахмат олимпиадаларынын катышуучулары Ош шаарында бир шахмат тактасында күч сынашат. Чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө «Азия чемпиону» деген расмий наам ыйгарылат. Мелдештин программасында: классикалык шахмат […]