ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Увам каналы тазаланат

Ош шаарындагы Увам каналынын ичи тазаланып, айланасы иретке келтирилет. Калаа башчысы Жанарбек Акаев каналдын эки жээгин бошотуу, жээктерге темир тосмо орнотуу жана каналдын ичиндеги таштандыларды толук тазалоо боюнча жеринен тапшырма берди. Ошондой эле элдин коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн каналдын эки жээгине тең жөө адамдар баса турган тротуар салуу тапшырылды. https://www.facebook.com/share/v/19Rr37xV46/

Монуев көчөсүндөгү жер астындагы өтмөк 15-сентябрда ачылат

Ош шаарындагы Ы. Монуев көчөсүндө жер астынан өтүүчү өтмөк курулуп жатат. Бул көчө шаардагы эң башкы жана унаа көп жүргөн жолдордун бири. Азыр курулуштун акыркы этабы, топурак менен көмүү иштери жүрүп жатат. Шаар башчы бул жерде ар дайым унаа тыгыны көп болоорун, окуу жылы ачылса, түйшүк андан да көбөйүшүн айтып, ишти тездетүүнү тапшырды. 15-сентябрдан баштап […]

Ош шаарында 200 жумуш орундуу ишкана ачылды

Ош шаарынын Кеңеш айылында “ЭКО Азык” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулган соода-логистикалык борбор бүгүн Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда расмий ишке киргизилди. Ишканынын жылдык кубаттуулугу 2 миң тоннаны түзүп, 200дөн ашык жаңы туруктуу жумуш орду түзүлөт. Жаңы логистикалык борбордун ишке кириши жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылууга, айыл чарба продукцияларын сактоо жана сатуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, […]

Ош шаарында дагы бир жаңы ишкана ачылды

Ош шаарынын Төлөйкөн айылында “Азия Органикс” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулган сыйымдуулугу 1000 тонналык заманбап соода-логистикалык борбор Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда расмий пайдаланууга берилди. Долбоордун негизги максаты айыл чарба продукцияларын сактоо, бөлүштүрүү жана экспорттоо үчүн заманбап шарттарды түзүү болуп саналат. Борбордо продукциялар -45 градустан +5 градуска чейин сакталат. Мөмө-жемиштер жергиликтүү дыйкандардан сатып алынып, Европа […]

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы белгиленди

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болот Баетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мирлан Орозбаев, Ош шаарындагы консулдуктардын өкүлдөрү, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, маданият кызматкерлери жана шаар тургундары катышышты. Куттуктоо сөзүндө Ош […]

Ош шаары кышка даярданууда: тургундарды көмүр менен камсыздоо маселеси каралды

Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толдоевдин катышуусунда 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата шаар тургундарын көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселеси талкууланды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте уюштурулган жыйынга көмүр өндүрүүчү ишканалардын өкүлдөрү катышты. Жолугушууда каралган негизги маселелер: – Жылытуу мезгилинде калктын көмүргө болгон муктаждыгын толук жабуу; – Көмүрдүн […]

Б. Осмонов көчөсүндө жол иштери уланууда

Ош шаарындагы Б. Осмонов көчөсүнүн жалпы узундугу 5 чакырымды түзүп, жол куруу иштери эки этап менен жүргүзүлүүдө. Долбоорго ылайык, жол 6 тилкелүү болуп, туурасы 29 метрди түзөт. Жолдун 2 чакырымдык бөлүгүндө бир тараптуу тротуар, калган 3 чакырым аралыгында эки тараптуу тротуарлар курулат. Учурда жолдун күн чыгыш тарабындагы 4 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөө иштери аяктады. […]

Ош шаарындагы коомдук транспорттун айрым каттамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Ош шаарында коомдук транспорттун ишин жакшыртуу, шаар тургундарынын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында жана жүргүнчүлөрдүн сунуш-пикирлерин эске алуу менен бир катар каттамдардын багыттары кайра каралды. Ош шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында №1 жана №2 жаңы айланма муниципалдык автобус каттамдарын ишке киргизүү, ошондой эле бир катар муниципалдык автобустар менен кичи автобустук каттамдардын багыттарына өзгөртүү киргизүү […]

Таза сууга карай маанилүү кадам: Ошто жаңы суу алуучу курулма курулду

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын Даңги участогунда жаңы суу алуучу курулманын курулушу аяктады. Долбоор Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) гранттык каражаттарынын эсебинен жана Ош шаарынын мэриясынын кошумча каржылоосу менен ишке ашырылды. Долбоордун алкагында диаметри 1200 мм болгон жаңы башкы суу алуучу курулма курулуп, узундугу 2 миң 400 метр болгон магистралдык суу түтүгү тартылды. Аталган түтүк аркылуу шаар […]

Жарандарды кабыл алуу өткөрүлдү

Бүгүн Ош шаарынын мэриясында мэрдин орун басары Эрнис Толтоев шаар тургундарын кабыл алып, алардын кайрылууларын угуп, көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берди. Кабыл алууда жарандар тарабынан негизинен шаар аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жана объектилерди сүрдүрүү, жер тилкелерине байланышкан маселелер, аймактарды ирээтке келтирүү, коммуналдык кызматтар, жол жана инфраструктура, ирригациялык тармактар жана башка көйгөйлөр көтөрүлдү. Ар бир кайрылуу […]