ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅ Кең-Сайга толугу менен электр жарыгы берилди

🔹Ош шаарынын Кең-Сай конушун электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында соңку айларда ири иштер аткарылды. Анын алкагында 150 даана электр мамычасы орнотулуп, СИП тибиндеги электр кабелдери тартылды. Ошондой эле 4 даана жаңы трансформатор коюлуп, 3 даана эски трансформатор алмаштырылды. 🔹Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев аткарылган иштер менен жеринен таанышып, айрым үйлөргө кирип, электр энергиясынын […]

✅ Мэр Кең-Сайдагы көчөт отургузуу иш-чарасына катышты

🔹Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов Кең-Сай конушуна көчөт отургузушту. 🔹Жалпы 1100дөн ашуун кайрагач, павловния, чынар жана ясень көчөтү эгилди. Көчөттөрдү курчап 2500 метр тосмо орнотулду. 🔹Кең-Сайды жашыл аймакка айлантуу багытындагы иштер улантылат.

✅ Кең-Сайга таза суу чыкты

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана массивдин тургундары ичүүчү сууну берүү саамалыгына чогулушту. 🔹Ош шаарынын Кең-Сай конушунун тургундарын таза суу менен туруктуу камсыз кылуу максатында ири масштабдагы инфраструктуралык долбоор ишке ашырылды. Анын алкагында насос станциялары курулуп, суу түтүктөрү тартылып жана жаңы суу кампасы салынды. 🔹Ак-Тилек айланма жолунун аймагында саатына 300 […]

✅ Борбордук стадиондогу жаңылануу

🔹Ош шаарынын А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда ФИФАнын талаптарына жооп берген гибриддик футбол талаасы курулуп, чуркоочу аянтчага заманбап резина каптама төшөлдү. Негизги курулуш иштери толук аяктап, бүгүн расмий түрдө пайдаланууга берилди. 🔹Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, спортчулар жана шаар тургундары катышты. 🔹Жаңылануу иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. 🔹Иш-чаранын […]

✅ Жаңы жылдык балатынын оту жанды

Ош шаарынын борбордук аянтындагы жаңы жылдык башкы балатынын оту салтанаттуу түрдө жандырылды. Балатынын бийиктиги 30 метрди түзүп, өзгөчө дизайнда жасалгаланды. 🔹Быйыл Ош шаары жаңы жыл майрамын “Түндүк жарыгы” (Северное сияние) жарманкеси менен тосуп алууда. Борбордук аянт жомоктогудай кооздолуп, шаар тургундары жана коноктору үчүн кооз фотолокациялар, даамдуу тамак-аштар жана эс алуучу жайлар уюштурулду.

✅ Акын Алишер Навоинин эстелиги тургузулду

Ош шаарында акын Алишер Навоинин эстелиги орнотулуп, ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, Өзбекстандын Маданият министри Озодбек Назарбеков жана Андижан облусунун акиминин орун басары Исманов Исомиддин баштаган […]

✅Ош шаары менен Андижан облусу тыгыз кызматташат

🔹Ош шаары менен Андижан облусунун ортосунда кызматташуу боюнча жол картасына кол коюлду. Эки тараптуу жолугушууга мэр Жеңишбек Токторбаев, Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, Өзбекстандын Маданият министри Озодбек Назарбеков жана Андижан облусунун акиминин орун басары Исманов Исомиддин баштаган делегация […]

✅ Көкүм бийдин эстелиги тургузулду

Ош шаарынын Көкүм-Бий көчөсүндө курулган Көкүм бийдин эстелиги жана эс алуу жайынын ачылышы болду. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүүлөр катышты. 🔹Жалпы бийиктиги 6 метр болгон эстелик орнотулуп, айланасында отургучтар коюлуп, брусчатка басылды. Ошондой эле жанындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жолдору асфальтталып, балдар аянтчасы курулду. Жасалган иштер шаар бюджетинен каржыланды. 🔹Быйыл […]

Ош шаарынын мэриясынын коомчулукка кайрылуусу

Ош шаарынын мэриясынын коомчулукка кайрылуусу Көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо боюнча кошумча кызматтардын орточо баасын коомдук талкууга чыгаруу тууралуу Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 токтомуна ылайык, көрүстөндөрдө көмүү жайларын 10 жылдык мөөнөткө брондоо тартиби бекитилип, аны жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерине ылайык келтирүү милдети жүктөлгөн. Аталган токтомдо көмүү жайларын […]