Шылуундарга алданып калбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Ош шаарынын мэриясында бүгүн, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тиешелүү кызматкерлери менен биргеликте шылуундарга алданып калбоо боюнча жыйын өтүп, анын жүрүшүндө алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, акыркы учурда ар кандай жеңилдетилген насыялар, акциялар жана криптовалюта (MCN Coin) сатып алуу сыяктуу алдамчылык схемалары көбөйүп жаткандыгы, айрым шылуундар белгилүү саясатчылардын жана мамлекеттик кызматкерлердин ысымдарын […]
Ак-Буура жээгиндеги жогорку окуу жайлар тар-нан тосулган тротуарларды ачуу боюнча көчмө жыйын өттү

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды сүрдүрүү жана жогорку окуу жайлар тарабынан тосуп алынган тротуарларды ачуу маселеси боюнча жогорку окуу жайлардын ректорлору жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте көчмө жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Ак буура жээгиндеги суу коругуна салынып кеткен жеке турак үйлөрдү, тосмолорду, коомдук тамактануучу жайларды, соода түйүндөрдү мыйзам […]
Таңкы рейд: Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында (Юго-Восток кичи району) жаңы жашыл аянттар түзүлөт

Бүгүн, 17-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Н.Исанов көчөсүн кыдырып чыкты. Шаар башчысы Н.Исанов көчөсүнүн эки тарабын таштандылардан тазалоо жана шаар тургундарынын эс алуусу үчүн жашыл аянттарды түзүү, кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштарды бузуп алып салуу, жашыл аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча тапшырмаларды койду. Ошондой эле бул аймакта жайгашкан жеке медициналык […]
Эрте мененки рейд: Атабаев жана Д.Садырбаев көчөлөрү иреттелет

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге болгон кыдыруусу Атабаев жана Д.Садырбаев көчөлөрүндө уланды. Шаар башчысы ички көчөлөрдү иретке келтирүү боюнча шаар тургундарынан үзгүлтүксүз кайрылуулар келип жатканын билдирди. Анын негизинде ири жолдорду унаа тыгынынан жеңилдетүү максатында аталган көчөлөрдү кеңейтүү, кызыл сызыкка чыгып кеткен, эскилиги жетип, шаардын сырткы көрүнүшүн бузган мыйзамсыз курулуштарды алып […]
Таңкы рейддик кыдыруу: Мамыров көчөсүндөгү вулканизация жана курулуш материалдар сатуучу түйүндөрдүн ордуна жаңы парк курулат

Бүгүн, 16-февралда таң эрте Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Мамыров көчөсүнүн абалын текшерип чыкты. 🔸 Анын жүрүшүндө шаар башчысы аталган көчөнүн боюнда жайгашкан мыйзамсыз курулуштар буздурулуп, эки тарабында шаар тургундары жана коноктору үчүн жаңы заманбап эс алуу багы түзүлөөрүн билдирди.🔸 Жеринде мыйзамсыз жана убактылуу курулуштарды бузуп алып салуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге, заманбап […]
Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга карата долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуу өткөрүлөт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары ! Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга карата долбоору боюнча шаардын коомчулугунун катышуусунда коомдук бюджеттик угуу өткөрүлөт. Андыктан коомдук угуу иш-чарасына активдүү катышып бериңиздер. Күнү: 2025-жылдын 25-февралы саат 10:00дө. Өтүүчү жайы: Ош шаары, Ленин көчөсү № 221, Ош шаарынын мэриясы. Ош шаардык кеңешинин “2025-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” токтомунун […]
Президент Садыр Жапаров “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушунун баштоого мезгил кутусун салды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда, Ош облусуна жумуш сапарынын жүрүшүндө “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушун баштоонун урматына мезгил кутусун салуу аземине катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө долбоордун негизги максаты – мамлекеттик саясаттын алкагында региондорду туруктуу өнүктүрүү экенин белгиледи. Заманбап ыкмаларды активдүү колдонуу жана массалык турак жай курулушун өнүктүрүү маанилүү аспект. IT-тармагын колдоо аркылуу Кыргызстандын […]
Шаардын көчөлөрүнө отургузуу үчүн керек болгон дарак түрлөрү боюнча адистердин пикирлери айтылды

Бүгүн, 11-февралда Ош шаарынын мэриясында шаардын борбордук көчөлөрүндө бак-дарактарды жаңылоо, отургузуу, жашыл аймактарды көбөйтүү маселеси боюнча адистер жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жыйын өткөрүлдү. Жыйында адистер тарабынан Курманжан-Датка көчөсүнүн боюна отургузулуучу бак-дарактардын түрлөрү боюнча бир катар сунуштар берилди. Атап айтканда, ийне жалбырактуу жана декоративдүү дарактардын, анын ичинде клен, липа, каштан, акация ж.б. көчөттөрдүн түрлөрүн отургузуу […]
Мэр Жеңишбек Токторбаевдин Ош шаарынын тургундары менен жолугушуусу уланууда

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту. Мында, аймактык башкармалыкта аткарылган жумуштар жана элден келип түшкөн кайрылуулардын негизинде аткарылган жумуштар боюнча жетекчинин маалыматы угулду. Анын негизинде жашоочулар аймакта орун алган айрым көйгөйлүү маселелер боюнча өздөрүнүн суроолорун беришти. Алсак, аймакта айрым көчөлөрдө жолдорду асфальттоо, тротуарларды, мектеп, бала бакчаларды куруу, жер […]
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү даректердеги муниципалдык жер тилкелерине жарнамалык ЛЭД-экран орнотуу менен ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү боюнча конкурс жарыялайт. Конкурска катышуучулар төмөндөгү дареке кайрылышат: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Заднепровский көчөсү № 4 (2-кабат, 5-каана). 1. Физикалык жактар үчүн паспорттун көчүрмөсү. 2. Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү […]