Ош шаарында 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өттү

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин катышуусунда Ош шаарынын мэриясынын коллегиясы болуп өттү. Коллегиялык жыйында Ош шаарынын мэринин орун басары Марс Исаев Ош шаарынын 2024-жылындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө, калкты таза суу менен камсыздоого, жол инфраструктурасын жакшыртууга, социалдык жактан коргоонун сапатын […]
Ак-Буура дарыясынын нугундагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

🔸 Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Төлөйкөн айылында Ак-Буура дарыясынын нугун буруп, мыйзамсыз курулуп калган объекттер, анын ичинде “Мөл-Булак” эс алуу жайын бузуу иштери жүргүзүлүп жатат. 🔸 Буга чейин тиешелүү кызматтар тарабынан суу коругуна курулуп калган курулуштардын ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тийиштүү архитектуралык уруксат кагаздары жок экени аныкталган. 🔸 Аталган жайлардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, […]
Мамлекеттик тилде терминдерди түзүү жана колдонулушу боюнча семинар өттү

🔸 Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын алдындагы Терминология комиссиясынын ОшМУнун алдында түзүлгөн эксперттик тобу менен биргеликте “Мамлекеттик тилде терминдерди түзүү жана колдонуу” аталышында семинар болуп өттү. 🔸 Семинарга Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Терминология комиссиясынын […]
Жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу болду

🔸️ Шаар тургундарын Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров кабыл алды. 🔸️ Жарандар негизинен турак жай, мыйзамсыз курулуш, документтерди алууга көмөктөшүү, ипотека, жер жана башка көйгөлүү маселелери менен кайрылышты. 🔸️ Мэрдин орун басары Нурбек Кадыров жарандардын бир катар суроолоруна жооп берип, ар бир айтылган көйгөй боюнча мэриянын бөлүм башчыларына, шаардык, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилерине, МАБ […]
Муниципалдык ипотекалык ишканасы жыл жыйынтыгын чыгарды

🔸 Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсуповдун 2024-жылдын жыйынтыктары боюнча шаардык муниципалдык ипотекалык ишкананысынын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү. 🔸 Жыйында Ош шаарынын муниципалдык ипотекалык ишкананын башчысы Утарбек Арстанкулов 2024-жылы аткарылган жумуштар жана 2025-жылга карата пландалган иштер боюнча маалымат берди. 🔸 Маалыматка караганда, ишкана тарабынан муниципалдык ипотекалык программа боюнча Достук кичи районундагы №83/25 көчөсүндөгү 90 […]
9 Үй-бүлө ишмердүүлүгүн баштоо үчүн керектүү жабдуулар камсыз болушту

Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен “Татыктуу жашоо” долбоорунун алкагында «ДИА» коомдук фонду, Интернешнл Алерт уюму жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду тарабынан “Алымбек-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы 9 үй-бүлөгө ишмердүүлүгүн баштоо үчүн грантттык негизде 13 өндүрүштүк тигүү машиналары, үтүк, үтүктөө үчүн стол, попкорн чыгаруучу аппаратттар жана ноутбуктар тапшырылды. Аталган долбоордун алкагында өткөн жылдын апрель айында “Сулайман-Тоо” муниципалдык […]
Алмалык айылында 150 орундуу мектептин курулушу аяктады

Бүгүн, 15-январда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Алмалык айылында курулушу бүткөрүлгөн мектепти көрүп чыкты. Шаар башчысы мектеп пайдаланууга берилген соң, окуучулардын билим алуусуна, өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүн билдирди. 2 кабаттан турган мектеп өз мөөнөтүндө бүткөрүлүп, 150 окуучуга ылайыкташкан. Билим берүү мекемесинде спорт аянтчасы, кичи футбол талаасы, жыйындар залы, ашкана, откана ж.б. зарыл болгон бардык шарттар […]
Шаардагы педагогдор кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курсунан өтүшөт

Бүгүн, Ош мамлекеттик университети менен шаардык билим берүү башкармалыгынын келишиминин негизинде Ош шаарындагы мугалимдердин жана билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында 2024-2025-окуу жылына карата окуу курстары башталды. Буга байланыштуу, Ош мамлекеттик университетинде Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун, ОшМУнун биринчи проректору Руслан Арапбаевдин, шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Аманованын, мектеп директорлорунун катышуусунда жыйын […]
Ош шаарында коррупцияны алдын алуу боюнча ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Бүгүн, 13-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгында мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен жолугушуу өттү. Жолугушууга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгын башчысы Даниэль Рысалиев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, […]
Жүргүнчүлөрдүн эсине!

Ош шаарында жаңы муниципалдык базар ачылган күндөн тарта Б.Осмонов көчөсү аркылуу 3 муниципалдык автобус жана 4 кичи автобус каттай баштайт. Алсак, жаңы муниципалдык базар аркылуу №9, №53, №6 муниципалдык автобустар жана №127, №141, №119, №109 кичи автобустар өтөт. Каттамдар төмөнкү жол чийме менен жүрүшөт: – №9 шаардык муниципалдык автобустук каттамы “Алымбек-Датка (Южный) муниципалдык аймактык башкармалыгы […]