2024-жылы Ош шаарындагы 19 билим берүү мекемесинде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарындагы мектептерди жана балдар бакчаларын көрүп чыгып, билим берүү мекемелеринин сырткы жана ички абалын жакшыртуу боюнча тапшырма койгон. Ага ылайык, 2024-жылы 19 билим берүү мекемелеринде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, №38 Барпы Алыкулов атындагы мектептин, №53 мектептин чатыры жана ашканасы, Алтыбаев жана Керме-Тоо атындагы мектептердин чоң жыйындар залы жаңыланган. […]
Жаңы муниципалдык базардын курулуш иштери аяктоо алдында турат

Муниципалдык базар 2500 орунга ылайыкташып, 25 катардан турат. Базарга кирүүчү туурасы 7,5 метрди түзгөн 2 негизги жол бар. Өрт коопсуздугун сактоо максатында ар бир 5-катарда гидрант орнотулуп, базар электр энергиясына, коммуналдык тармактарга туташкан. Соода орундуктарынын аянты 6-7 чарчы метрди түзөт. Базарды көчүрүү иштери 20-январга болжолдонгон.
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы ачык сынак жарыялайт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы ачык сынак жарыялайт. Сынакка катышуучулар Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ош шаары, Заднепровский көчөсү, №4) төмөнкү документтерди тапшыруулары зарыл: Физикалык жактар үчүн – паспорт. Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү (учредительный) документтердин нускасы (чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), […]
Ош шаарынын мэриясынын 2024-жылга карата мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасынын долбоору

Ош шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 621-б буйругунун негизинде түзүлгөн жумушчу топ тарабынан Ош шаарынын мэриясынын 2025-жылга карата мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасынын долбоору иштелип чыкты. Программага байланыштуу суроолор жана сын сунуштарды (0555) 14-01-97 байланыш номери аркылуу жөнөтсөңүздөр болот. Толук маалымат тиркемеде Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасы_2025
Урматтуу Ош шаарынын борбордук базарындагы соодагерлер!

Сиздерге, 2025-жылдын 20-январынан тарта А.Навои көчөсүндө учурда иштеп жаткан борбордук базар жабыла тургандыгын эскертебиз. Белгиленген мөөнөткө чейин Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан жаңы муниципалдык борбордук базарга көчүп чыгууңуздарды өтүнөбүз. Белгилей кетсек, аталган убакыттан тарта эски базарда электр энергиясы, таза суу жана башка коммуналдык тейлөөлөр токтотулат. Учурда базардын ордуна эс алуу багын куруу долбоору даярдалууда. Ага чейин курулуштарды […]
Жаңы жыл майрамы өзгөчө шаң менен белгиленди

Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жыл майрамы салтанаттуу белгиленип, ага 15 миңге жакын адам чогулду. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов дагы катышып, калаа тургундарын жана конокторун жаңы жылы менен куттукташты. Майрам фейерверк менен коштолуп, Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа менен уланды.
Ош шаарынын мэри Б.Ж. Жетигеновдун Жаңы жылдык куттуктоо сөзү

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Кадырлуу меймандар! Сиздерди саналуу сааттардан соң кирип келе жаткан Жаңы 2025-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Узап бараткан жылда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп, анын алкагында Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана экономикасын өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштер аткарылды. Жаңырган жылда шаардыктардын жашоо-шартын жакшыртуу үчүн курулуш тармагы, чарба жаатында жана социалдык тармактарда […]
Ош шаарында жаңы жылдык шаң

Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылга карата майрамдык концерт өтүп жатат. Шаар тургундарына жана конокторуна “Келечек” балдар чыгармачыл борбору, С.Бекмуратов атындагы музыкалык мектеби, Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайы, П.И.Чайковский атындагы искусство мектеби тарабынан концерттик программа тартууланууда. Ошондой эле окуу жайлар, шаардык билим берүү, маданият башкармалыктары тарабынан да майрамдык программалар тартууланып, кечинде майрам фейерверк жана ыр-күүлөр […]
Ооруканадагы балдарга жаңы жылдык белектер тапшырылды

Бүгүн, 31-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош облустук балдар ооруканасынын гематология жана онкология бөлүмүндө дарыланып жаткан 29 балага жаңы жылдык белектерди тапшырды. Мэр балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, аларга тез күндө айыгып кетүүсүн каалады. Кошумчалай кетсек, Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан аталган бөлүмдө дарыланып жаткан балдардын […]
Бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер сыйланды

Бүгүн, Ош шаарынын социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишинде чоң жетишкендиктери, 2024-жылдагы жогорку көрсөткүчтөрү, кызматтык милдеттерин аткаруудагы ак ниет эмгеги, шаардык коомдук-саясий, маданий турмушундагы активдүүлүгү үчүн Ош шаарынын мэриясынынын аппаратынын, шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланышты. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-2025-окуу жылындагы […]