ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарындагы мектептер окуучуларга эшигин ачты

🔹Бүгүн, 1-сентябрда Ош шаарындагы мектептерде жаңы окуу жылы башталып, майрамдык линейкалар өттү.
🔹Мэр Жеңишбек Токторбаев А. Навои мектебиндеги салтанаттуу иш-чарага катышып, жалпы окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.
🔹Калаа башчы мугалимдердин түйшүктүү жумушуна ийгилик каалап, ата-энелерди тыгыз, ынтымакта иштешүүгө чакырды.
🔹Быйыл шаардагы мектептерге 5 миңден ашуун бала 1-класска кабыл алынды. Ал эми 2-класстар 8 миңге жакын. Бул жылы Ош шаарындагы 70 мамлекеттик, 52 жеке менчик мектепте 110 миңден ашык окуучу билим алат.
🔹Эскерте кетсек, жаңы окуу жылында Кыргызстандагы мектептер “Алтын казык” программасы менен билим берүүнү баштады.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео