ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Баткен окуясында курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 26-октябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багындагы Баткен жоокерлеринин мемориалдык комплексинде Баткен окуясынын 24 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, аскер кызматкерлери, ардагерлер жана курман болгондордун үй-бүлөлөрү катышты. Эскерүү иш-чарасынын алкагында митинг-реквием өтүп, келгендер эстеликке гүл коюп, курман […]

Ош: А. Жапаров 625 орундуу мектептин курулушун көрдү

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош шаарындагы “Жибек-Жолу” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жаңы 625 орундуу мектептин курулушу менен таанышты. Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов мектептин курулушу кийинки жылдын экинчи чейрегинде бүткөрүлөрүн билдирди. Жаңы мектепте зарыл болгон бардык шарттар түзүлүп, аймагында резервуар менен откана курулат.

Ош шаарында жалпы шаардык ишембилик өттү

Ишембиликке шаардык мекеме-ишканаларынын, мамлекеттик, муниципалдык кызматтардын, ведомстволордун, муниципалдык аймактык башкармалыктардын эмгек жамааттары катышты.

Муниципалдык ипотекалык ишкана тарабынан дагы бир турак жайдын курулушу башталды

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан Краснофлотская көчөсүнүн №5-б дарегинде көп кабаттуу үйдүн курулушуна капсула салынды. Капсула салуу аземине Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Малик Бектурганов, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Долбоорго ылайык, курула турган 9 кабаттуу турак үй 278 батирге ылайыкташкан. Үйдүн жер […]

Ошто “Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил” аталышында жыйын өттү

Бүгүн, 17- октябрда КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышындагы жыйын өткөрдү. Жыйынга, Ош шаарынын мэриясынын, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Жыйында Мамлекеттик тил мыйзамын аткарылышын камсыздоо боюнча […]

Ош шаарында бокс боюнча эл аралык турнир өтүп жатат

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучу Самарбек Бапановдун жаркын элесине арналган бокс боюнча VIII эл аралык турнир өтүүдө. Аталган мелдешке коңшу Өзбекстан, Казакстан, Орусия мамлекеттеринен, Кыргызстандын бардык облустарынан, анын ичинде Ош жана Бишкек шаарларынан 100дөн ашуун мушкерлер катышууда. Спорттук иш-чара Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети, Ош шаардык бокс жана оор атлетика спорт […]

Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү белгиленди

Бүгүн, Бабур театрында Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Иш-чарага КР Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эскперти Камчыбек Досматов, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары […]

“Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында колдонулган терминдер маселеси” аттуу конференция өттү

Бүгүн, Ош мамлекеттик университетинде “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында колдонулган терминдер маселеси” аттуу конференция өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты. Конференцияда, КР мыйзамдарында, иш кагаздарында […]

Ош шаарында органикалык заттардан биогазды жана электр энергиясын өндүрүү боюнча долбоор талкууланды

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Түштүк Кореянын SEJIN G&E CO., LTD башкармалыгынын өкүлү Ли Кын Ён мырзаны кабыл алды. Жолугушууда, коноктор Ош шаарындагы таштанды полигонунда органикалык заттардан биогазды, электр энергиясын өндүрүү долбоорун сунушташты. Мэр Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаардын өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорго колдоо көрсөтүлүп келгендигин билдирди.

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.