Жарандарды кабыл алуу

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, мэриянын бөлүм башчылары, муниципалдык мекеме-ишканалардын, аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен биргеликте жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды. Мэрдин орун басары жарандардын бир катар көйгөйлүү суроолорона жооп берди. Шаардыктар негизинен жер, базар жана башка ушул сыяктуу маселелер боюнча кайрылышты. Жарандардын ар бир кайрылуусуна шаар бийлиги тарабынан толук жооп берилип, […]
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Ош шаарынын Көкүмбий көчөсүн капиталдык оңдоо долбоорун ишке ашыруунун алкагында эртең, 15-октябрдан тарта Мурат Бегиев көчөсүнөн (болжол Азирети Умар мечити) Малабеков көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн бир тарабы унаа кыймылы үчүн жабылат. Шаар тургундарынан жасалып жаткан жумуштарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана кыймыл үчүн алдын ала унаа каттамдарын башка багыт боюнча тандап алууну суранабыз.
ЖАРЫЯ!

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Музыка ишмерлер союзу биргеликте кыргыз элинин эзелтеден муундан-муунга өтүп келе жаткан улуттук музыкалык аспаптары: комуз, кыл-кыяк, темир ооз комузду жасаган усталардын кароо-сынагын жарыялайт. Кароо-сынак кыргыз улуттук музыкалык аспаптарын жасаган усталарга дем берүү, мыкты жасалган аспаптарды тандоо жана усталардын республикалык маалымат базасын түзүү максатын көздөйт. […]
Ош шаарында үч эм төрөлдү

Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров эки кыз жана бир уулду жарык дүйнөгө алып келген үч эмдин энеси Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочусу 32 жаштагы Садирали кызы Чолпондон кабар алдыМэрдин орун басары Нурбек Кадыров эне-бала саламаттыгын сураган соң, Ош шаарынын мэриясынын атынан материалдык жардамды тапшырдыБелгилей кетсек, Садирали кызы Чолпон жолдошу Азамат Мусаевдин […]
Урматтуу Ош шаарынын тургундары, сиздер үчүн маанилүү маалымат!

Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү максатында жумушчу комиссия төмөндөгү мүлктөрдү сатууга аукцион жарыялайт

Сынакка катышуучулар Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ош шаары, Заднепровский көчөсү, №4) төмөнкү документтерди тапшыруулары зарыл: ➡︎ Физикалык жактар үчүн – паспорт. ➡︎ Юридикалык жактар үчүн нотариалдык же каттоо жүргүзүүчү каттоо органы тарабынан тастыкталган түзүүчү (учредительный) документтердин нускасы (чет элдик эмес ишкананын статусун тастыктаган), уюмдун өкүлүнө – конкурс үчүн белгиленген формадагы ишеним кат жана […]
Ош шаарынын мэри жарандарды кабыл алды

Бүгүн, 8-октябрь күнү Ош шаарынын мэриясында жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу болуп өттү. Шаар тургундарын мэр Бакытбек Жетигенов мэриянын бөлүм башчылары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен бирге кабыл алды. Ар бир кайрылууга толук жооптор берилди. Бир катар маселелер боюнча тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине жеринде чечүү тапшырмасы берилди.
Майыптыгы бар адамдардын арасында спорттук мелдештер өттү

Ош шаарында майыптыгы бар адамдардын арасында кичи футбол, шахмат, аркан тартыш боюнча мелдештер өтүп, ага Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын азиздер жана дүлөйлөр коомунун өкүлдөрү катышты. Мелдештин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, медалдар жана баалуу белектер менен сыйланышты. Белгилей кетсек, аталган мелдештер жыл сайын уюштурулуп, майыптыгы […]
Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди

Бүгүн, Ош шаарындагы Бабур театрында 5-октябрь – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык билим берүү мекеме-уюмдарынын жетекчилери, мугалимдери катышышты. Мэрдин орун басары Нурбек Кадыров келечек ээлерин тарбиялоодогу жана сапаттуу билим берүүдөгү негизги жүктү аркалап келе жаткан тармактын өкүлдөрүнө куттук сөздөрүн айтып, […]
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Эртең 8-октябрь саат 09:00дөн тартып, 9-октябрь саат 10:00гө чейин Ош шаарында убактылуу газ берүү токтотулат. Мунун себебин Өзбекстан Республикасынын АК “Узтрансгаз” ишканасы “Ходжабад-Ош” магистралдык газ түтүктөрүнө пландуу оңдоп-түздөө иштерин жүргүзөрү менен түшүндүрөбүз. Убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз.