Жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу болду

Бүгүн, 13-августта Ош шаарынын мэриясында жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу болду. Шаар тургундарын Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов мэриянын бөлүм башчылары жана шаардык, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, МАБ башчылары менен бирге кабыл алып, маселелерин укту. Ар бир айтылган көйгөй боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.
Ош шаарында эл аралык жаштар күнү белгиленди

“Идеастан” аталышында өткөн талкууга Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, жалпысынан 60га жакын жаш активисттер жана эксперттер катышышты. Дискуссиянын жүрүшүндө Ош шаарынын экологиялык көйгөйлөрү жана жаштар саясатында болуп жаткан актуалдуу маселелер боюнча суроо-жооптор болуп, шаарыбыздын жашоочулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча бир катар сунуштар берилди. Иш-чара калаадагы негизги көйгөйлөрдү аныктоого, жаштардын баарлашуусун түзүүгө, биргелешип […]
Ош шаарында куруучулар сыйланды

Ош шаарынын мэриясында бүгүн, 9-августта куруучулардын кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи өттү. Шаардын курулуш тармагында эмгектенген кызматкерлерди Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев куттуктап, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон алгылыктуу салымдарын белгилеп, өз ишинде өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырды. Белгилей кетсек, Кыргызстанда Куруучулар күнү жыл сайын августтун экинчи жекшембисинде белгиленет.
Борбордук аянттагы оргума эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилет

КМШ өлкөлөрүнөн келген ардагерлер ооганстанда курман болгондорду эскеришти

Бүгүн, 8-августта Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында Ооган согушуна 1979-жылы Ош шаарында жайгашкан 860 полктон Памир-Ишкашим аркылуу Ооганстандын Файзабад провинициясына барып, Ооган согушуна катышып келген ардагерлер 45 жылдан кийин жолугушуп, курман болгон жоокерлерди эскеришти. Эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Оштогу Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Какан Эралиев, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, […]
Ош: аткаруу бийлигине эл көйгөйлөрүн айтты

Бүгүн, 7-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев баштаган аткаруу бийлигинин өкүлдөрү Ош шаарынын тургундары менен жолугушту. Жыйында шаар тургундарына суроо берүү үчүн эркин микрофон берилди. Келген жарандар негизинен социалдык багыттагы көйгөйлөрдү, курулуш тармагына байланыштуу маселелерди, турак жай салуу үчүн жер участокторун бөлүп берүү, коммуналдык тармактарга байланышкан […]
Селден жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдары жайкы лагерлерде эс алышат

Ош шаарында селден жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдарына социалдык-психологиялык жардамдарды көрсөтүү максатында жайкы лагерлер уюштурулду. Жалпы 100гө жакын бала 10 күн бою “Жеткинчек” эс алуу жайында жана мектептер алдында уюштурулган лагерлерде атайын программа менен убактыларын пайдалуу өткөрө алышат. Эс алууда балдар педагог-тарбиячылардын жардамы менен окууга даярдыктарды көрүшөт. Ошондой эле аларга психолог, медициналык кызматкерлер тарабынан психологиялык жардамдар […]
Эски үлгүдөгү жарнамалык такталар алына баштады

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тиешелүү кызматтар менен биргеликте жарнамалык такталарды алуу жана санарипке өткөрүү боюнча иштерди алып барууда. Белгилей кетсек, буга чейин апрель айында жарнамалык такталардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилген. Ошондой эле, көчө инфраструктурасын иретке келтирүү жана жакшыртуу максатында жаңы санариптик (лайтбоксторду, штенддерди, билборддорду) орнотуу сунушталган. Жалпысынан шаар боюнча 300дөн ашык […]
Жарандар арасында вирустук гепатит боюнча маалыматтуулугун жогорулатууга арналган 10 күндүк өнөктүк жүрүп жатат

Ош шаарынын тургундарынын арасында 2-августтан тарта (16-августка чейин) АИВ-инфекциясын алдын алуу, 23-65 жаштагы жарандарды гемоконтакттык вирустук гепатиттерден эмдөө жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу баракчасын алуу боюнча маалыматтуулугун жогорулатуу максатында маалыматтык өнөктүк өтүүдө. Бүгүн, аталган иш-чара “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгында өтүп, ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатит жана […]
Кышкы жылуулук мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өттү

Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, шаардык коммуналдык мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты. Жыйында жылуулук менен камсыздоочу мекеме-ишканалардын жана энергетика тармагынын өкүлдөрү жылуулук мезгилине карата даярдыктар боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. ЖЫЙЫНТЫГЫНДА ТИЕШЕЛҮҮ КЫЗМАТТАРГА ТӨМӨНКҮ ТАПШЫРМАЛАР БЕРИЛДИ: ➦ Кышкы жылытуу мезгилине карата даярдыктарга катышкан бардык мекеме-ишканалар жумуштарды график боюнча иш […]