ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошто XIII Эл аралык грек-рим күрөшү боюнча турнир башталды

Бүгүн, 13-декабрда “Кыргызстан-Иран достугу” спорт комплексинде, 2009-2011-жылдары туулган спортчулар арасында грек-рим күрөшү боюнча XIII Эл аралык турнир башталды. Турнир 17 жолку Кыргызстандын чемпиону, спорт чебери Алым Ажыматовдун жаркын элесине арналды.

Аталган турнирге 12 салмак категориясы боюнча Өзбекстан жана Кыргызстандын бардык облустарынан 200дөн ашык спортчу катышууда.

Турнирдин ачылышына Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, машыктыруучулар, спортчулар жана спорт сүйүүчүлөрү катышты. Турнир эки күнгө созулат.

Турнирдин жеңүүчүлөрү Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан баалуу белектер, медаль жана дипломдор менен сыйланат.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео