Бүгүн, Ош шаарында III Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйыны өттү.
Жыйында шаар аймактарынан сунушталган 300 делегат ачык добуш менен 20-декабрда Бишкек шаарында өтүүчү Элдик курултайга катыша турган 43 делегатты шайлашты.