ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жарандар арасында вирустук гепатит боюнча маалыматтуулугун жогорулатууга арналган 10 күндүк өнөктүк жүрүп жатат

Ош шаарынын тургундарынын арасында 2-августтан тарта (16-августка чейин) АИВ-инфекциясын алдын алуу, 23-65 жаштагы жарандарды гемоконтакттык вирустук гепатиттерден эмдөө жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу баракчасын алуу боюнча маалыматтуулугун жогорулатуу максатында маалыматтык өнөктүк өтүүдө. Бүгүн, аталган иш-чара “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгында өтүп, ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатит жана […]

 Кышкы жылуулук мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өттү

Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, шаардык коммуналдык мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты. Жыйында жылуулук менен камсыздоочу мекеме-ишканалардын жана энергетика тармагынын өкүлдөрү жылуулук мезгилине карата даярдыктар боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. ЖЫЙЫНТЫГЫНДА ТИЕШЕЛҮҮ КЫЗМАТТАРГА ТӨМӨНКҮ ТАПШЫРМАЛАР БЕРИЛДИ: ➦ Кышкы жылытуу мезгилине карата даярдыктарга катышкан бардык мекеме-ишканалар жумуштарды график боюнча иш […]

Ош: жакында оңдоп-түзөөдөн өткөн эки көчө пайдаланууга берилет

Алсак, Ж.Раимбеков көчөсүнөн Ж.Бабараимов көчөсүнө чейинки Ош көчөсүн кеңейтүү иштери аяктоо алдында турат. Бул жердеги ирригациялык тутумдар толук алмаштырылып, тротуары жасалды. Учурда асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Ал эми №177 көчөгө жаңыдан асфальт төшөлүп бүттү. Учурда долбоорго ылайык, электр мамычаларын орнотуу, тротуарды куруу, ирригациялык лотокторду орнотуу иштери жүрүп жатат.

Ош шаарындагы жарнамалык такталар санариптештирилет

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов тиешелүү муниципалдык кызматтардын жетекчилери менен шаардагы жарнамалык такталарды санариптик форматка өткөрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде эски үлгүдөгү жарнамалык такталарды алып салуу жана санариптештирүү боюнча тапшырмалар берилди. Жарнамалык такталардын ээлерине апрель айында эскертүүлөр берилип, көчө инфраструктурасын иретке келтирүү жана жакшыртуу максатында жаңы санариптик (лайтбоксторду, штенддерди, билборддорду) орнотуу боюнча […]

Жашылча, мөмө-жемиштердин коопсуздук көрсөткүчтөрү текшерилди

Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Ош шаардык ветеринардык башкармалыгынын адистери биргеликте Ош шаарынын аймагында сатылып жаткан жашылчалардын, мөмө-жемиштердин курамында нитраттын өлчөмүн аныктоо максатында рейдке чыгышты. Алгач, Жапалак аймактык айылдык башкармалыгына караштуу “Эл-Азык” соода борборундагы кичи дүкөндөр, Кулатов кичи шаарчасындагы “Арча” базарынын тегерегиндеги көчө бойлорунда сатылып жаткан коон, дарбыздар, жашылча, мөмө-жемиштер текшерүүгө алынып, […]

Жарандарга суудагы коопсуздукту, санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо боюнча пландуу иштер жүргүзүлүүдө

🔰 Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаарынынын аймагында жайгашкан эс алуучу жайлардагы бассейндердин санитардык-гигиеналык абалы жана коопсуздукту көзөмөлдөө маселелери боюнча жыйын өткөрдү. 🔰 Жыйында Ош шаарында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаал министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин маалыматтары угулуп, талкууланып, төмөндөгүдөй чечимдер кабыл […]

Жер тилкелерин ижара шартында убактылуу пайдаланууга сынак

Сынак өткөрүү күнү “Ош шамы” коомдук саясий гезитине же болбосо Ош шаарынын мэриясынын сайтына жарыя чыккан күндөн баштап 30 күндүк мөөнөт өткөндөн кийин төмөндөгү даректе өткөрүлөт: Ош шаары, Заднепровский көчөсү №4, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты. 𒐬 Сынакка катышуучулар Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ош шаары, Заднепровский көчөсү, №4) төмөнкү документтерди тапшыруулары зарыл: ➡︎ […]

Диний мекеме-уюмдарда мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча мониторинг иштери улантылууда

Анын алкагында бүгүн, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жана КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк бөлүмү менен биргеликте Ош шаарында жайгашкан диний мекеме-уюмдардын, мечиттердин жана медреселердин аталыштары, ичиндеги маалыматтардын жана жазуулардын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү максатында жеринде […]

КУЛАКТАНДЫРУУ!!!

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн катышуусунда 2024-жылдын 7-августунда Ош шаарында С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өтө турган элдик жыйынга катышууга чакырабыз. Элдик жыйынга катышуу үчүн алдын ала Ош шаарынын мэриясынын расмий сайтындагы (https://oshcity.gov.kg/ky/) “электрондук кабылдама” бөлүмү аркылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин дарегине жазылган арыз менен 2024-жылдын 7-августуна чейин […]

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору!

Бүгүн, 26-июлда Парижде Олимпиада оюндары башталып, ага Кыргызстандан 16 спортчу катышат. Мелдештер 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Республикабыздын спортчулары катышкан бардык мелдештер “Алымбек Датка” этнографиялык комплексинде LED-экранда түз алынып көрсөтүлөт. Кыргызстандык спортчулардын таймашка чыга турган күндөрү (Бишкек убактысы боюнча): 26-июль: 23:30 — Олимпиадла оюндарынын ачылышы. 27-июль: Сууда сүзүү / Денис Петрашов, 100 метр, брасс стили. 15:00 […]