ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Диний мекеме-уюмдарда мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча мониторинг иштери улантылууда

📍 Анын алкагында бүгүн, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жана КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк бөлүмү менен биргеликте Ош шаарында жайгашкан диний мекеме-уюмдардын, мечиттердин жана медреселердин аталыштары, ичиндеги маалыматтардын жана жазуулардын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү максатында жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
📎 Белгилей кетсек, буга чейинки текшерүүлөрдун натыйжасында Ош шаарындагы мечиттерде мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарын бузган жана кыргыз тилинин жазуу эрежелерине туура келбеген каталар жоюлуп, Ош шаарынын казыяты тарабынан тиешелүү иштер алынып барылды.
🔸 Ош шаарынын мамлекеттик тил комиссиясы шаардагы жалпы мекеме-уюмдарды мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарын аткарууга чакырат.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео