ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жашылча, мөмө-жемиштердин коопсуздук көрсөткүчтөрү текшерилди

🔴 Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Ош шаардык ветеринардык башкармалыгынын адистери биргеликте Ош шаарынын аймагында сатылып жаткан жашылчалардын, мөмө-жемиштердин курамында нитраттын өлчөмүн аныктоо максатында рейдке чыгышты.
📍 Алгач, Жапалак аймактык айылдык башкармалыгына караштуу “Эл-Азык” соода борборундагы кичи дүкөндөр, Кулатов кичи шаарчасындагы “Арча” базарынын тегерегиндеги көчө бойлорунда сатылып жаткан коон, дарбыздар, жашылча, мөмө-жемиштер текшерүүгө алынып, натыйжасында айрымдардын курамында нитраттын өлчөмү 120-200 мг чыгып, 60-90 мг ченемден жогору экендиги аныкталды.
📍 Кызыл-Кыштак аймактык айылдык башкармалыгына караштуу Б.Осмонов көчөсүнүн жол боюнда сатылып жаткан коон, дарбыздар текшерилип, ысыкта, ачык жерде сатылып жаткандардын курамында нитраттын өлчөмү жогору экендиги белгилүү болду.
🔖 Текшерүүгө алынган жерлердин ээлерине ашыкча нитраттын ден соолукка тийгизген терс таасири, жашылча, мөмө-жемиштер үстү жабык, салкын жерде сатылышынын зарылдыгы боюнча түшүндүрүлдү.
🔖 Ошондой эле, Ош шаардык ветеринардык башкармалыгынын жетекчилигине жана базар ээлерине мөмө-жемиштерди сатууга берилген уруксат кагаздарында аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу, Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан коон, дарбыз базарындагы сатуучуларга шарт түзүп берүү боюнча тапшырмалар берилди.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео