Бүгүн, 11-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Джусин Чжикэ” компаниясынын жетекчиси Ма Хайфен менен жолукту.
Жолугушууда Ош шаарында ачылып ишке кирген Эко муниципалдык такси кызматынын ишин жүргүзүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Шаар тургундарына экологиялык жактан таза, заманбап жана ыңгайлуу транспорттук кызмат көрсөтүү үчүн электро унаалардын санын көбөйтүү зарыл болуп турат. Жеңишбек Токторбаев бул маселени чечүү багытында аталган компанияга бир катар сунуштарын айтты.
Эки тарап Ош шаарынын Эко такси кызматын өнүктүрүү үчүн жаңы унааларды сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү. Бул багытта зарыл болгон чараларды көрүү тапшырмасы коюлду.
Эскертке кетсек, Кыргызстандагы алгачкы муниципалдык такси кызматы Ош шаарында ишке кирген. Күнүнө 3000ден ашык буюртма түшсө, алардын 10% гана тейленүүдө. Бүгүнкү жолугушуу дал ушул көйгөйдү чечүүгө багытталган.