ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган илимий-чыгармачыл жаштар форуму өттү

Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган илимий-чыгармачыл форуму өттү.
Форумда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү, мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар, кыргыз кесипкөй адабиятынын жаралышы жана белдүү залкар акын-жазуучулар, алардын адабий мурасы жөнүндө Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстандын келген окумуштуулар баяндама жасашты.
Форумга Казакстан Республикасынын Гумилев атындагы Евразия Улуттук университетинин окумуштуусу, Ош шаарындагы “Казак тили жана маданияты” борборунун өкүлү Айнұр Рахымберді қызы, КРдин илим жана техника тармагындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Ош шаарындагы “Өзбек тили жана маданияты” борборунун директору Акибат Исманова, ОшМУнун профессору, филология илимдеринин доктору Гүлина Жамгырчиева, Тарых илимдеринин кандидаттары Сабыр Арстанов, Самара Осмонова, окуу жайдын окумуштуулар жамааты, Улуттук Жазуучулар союзунун өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, студенттер катышты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чыңгыз Айдарбеков, Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев он-лайн форматта куттуктоолорун жолдошту.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео