ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата көргөзмө ачылды

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бүгүн, “Сулайман-Тоо” музей комплексинде “Кылым карыткан тарых жана улуу мурас” аттуу тарыхый-архивдик документтердин көргөзмөсү өттү.

Көргөзмөгө Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана студенттер катышышты.

Кийинки муундарга улуу мурасты жеткирүү жана тааныштыруу максатында даярдалган даректүү көргөзмө тарыхый маалыматтардын негизинде түзүлүп, анда көрөрмандарга 1924-жылдын 14-октябрында Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусу, анын түптөлүшү тууралуу документалдык материалдар көрсөтүлдү.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео