ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Келерки жылы муниципалдык ипотекалык программасы боюнча курулган 5 көп кабаттуу үй пайдаланууга берилет

Ош шаарынын 7 аймагында учурда Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан ипотекалык жана үлүштүк курулуш программасы боюнча көп батирлүү турак-жайлар курулуп жатат.

Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов шаар куруу тармагындагы тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Тилеке-Баатыр көчөсүндөгү №6 дарегиндеги 12 кабаттуу, Т.Турсунбаева №28 дарегиндеги 15 кабаттуу үйлөрдүн курулушу менен жеринде таанышып чыкты.

Мэрдин орун басары ар бир курулуш объектисинде Ош шаарынын мэриясынын жана тиешелүү кызматтар тарабынан көзөмөл жүргүзүлүп, курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, келерки жылга карата муниципалдык ипотекалык жана үлүштүк ипотека шартында 5 көп кабаттуу үйдү пайдаланууга берүү пландалууда. Анын ичинен Көкүм-Бий жана Краснофлотская көчөлөрүндө курулуп жаткан 2 көп кабаттуу үй муниципалдык ипотекалык, Тилеке-Баатыр, Набережная жана Ашимахунов көчөлөрүндө салынып жаткан 3 көп кабаттуу үй үлүштүк программасы боюнча пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео