Бүгүн, 30-декабрь күнү Ош шаарынын мэриясында Жаңы жыл майрамына карата шаардагы коммуналдык чарба мекеме-ишканалардын кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана ыраазычылык баракчалыры менен сыйланышты.
Сыйлыктарды Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев тапшырып, шаарды гүлдөгөн, кооз, таза шаарга айландырууда коммуналдык кызматкерлердин салымы чоң экендигин билдирип, келе жаткан Жаңы жылда жаңы ийгиликтерди каалады.