🚩 Ош шаарынын мэриясы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата “Мамлекеттик тилди даңазалаган мыкты ураан” сынагын жарыялайт.
✏️ Сынакка Ош шаарындагы акындар, жазуучулар, жаш таланттар жана чыгармачылык өнөрү бар бардык жарандар катыша алышат.
🔸 Сынактын шарттары:
➱ Мамлекеттик тилди даңазалаган ыр саптары же кара сөз түрүндөгү текст автордун өзүнө таандык болушу шарт. Которулган жана плагиат сөздөр кабыл алынбайт жана сынакка кароого коюлбайт.
➱ Ыр түрүндө жазылган текст мамлекеттик тилди даңазалаган, позитивдүү маанайды тартуулган, патриоттук сезимди ойготкон маанини берип, 3 куплеттен ашпоого тийиш.
➱ Кара сөз түрүндөгү жазылган чакырык кыска, так жана маанайды көтөргөн, патриоттук сезимди ойготкон, мамлекеттик тилди сүйүүгө чакырган мааниде болуп, 3 сүйлөмдөн ашпоосу керек.
➱ Сынактын катышуучулары мурда жазылып, көмүскөдө турган же жаңы даярдаган өздөрүнүн 3төн ашпаган лозунг үчүн ылайыкташтырылган текстин сунуштай алышат.
Сынакты өткөрүүнүн мөөнөттөрү:
📌Мамлекеттик тилди даңазалаган ыр саптарын же кара сөз түрүндө даярдалган текстти 2024-жылдын 1-сентябрына чейин mamtil.oshmeriya@gmail.ru электрондук почтасына же 0558 888 929 номерине телеграмм аркылуу “Мамлекеттик тилди даңазалаган мыкты ураан” сынагына катыша тургандыгын белгилеп жөнөтүү керек.
☎️ Маалымат алуу үчүн: 0558 888 929. @oshmeriya