Ош шаарынын мэриясы 2025-жылга карата мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасын иштеп чыгуу максатында төмөндөгү көрсөтүлгөн тармактар боюнча жарандардан социалдык көйгөйлүү маселерди (жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын коргоо, билим берүү, медициналык жардам, жаштарды колдоо, адам укуктарын коргоо, экология, туризм, социалдык ишкердик ж.б) кабыл алат.
Социалдык көйгөйлүү маселер 0555 14 01 97 байланыш номери же orozgul.shaibekkyzy97@gmail.com электрондук почтасы аркылуу жана программаны иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобу тарабынан төмөндөгү графикке ылайык Ош шаарынын мэриясынын айылдык аймактык жана муниципалдык аймактык башкармалыктарда өткөрүлүүчү жыйындарында кабыл алынат.