ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Мамлекеттик тилде терминдерди түзүү жана колдонулушу боюнча семинар өттү

🔸 Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын алдындагы Терминология комиссиясынын ОшМУнун алдында түзүлгөн эксперттик тобу менен биргеликте “Мамлекеттик тилде терминдерди түзүү жана колдонуу” аталышында семинар болуп өттү.

🔸 Семинарга Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Терминология комиссиясынын ОшМУнун алдында түзүлгөн эксперттик тобунун төрайымы Курманжан Нармырзаева, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, мамлекеттик тил боюнча иш алып барган кызматкерлер жана иш-кагаздарына жооптуу адистер катышышты.

🔸 Семинарда саламаттыкты сактоо, медицина, экономика, юридика тармактарында, салык мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөөдө мамлекеттик тилдеги терминдердин колдонулушунун орду, которуп колдонуудагы көйгөйлөр боюнча баяндамалар угулуп, анын негизинде суроо-жооптор уюштурулду.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео