Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алып, суроо, кайрылууларын укту.
Кабыл алууга мэриянын бөлүм башчылары жана шаардык, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышып, шаардыктардын бир катар көйгөйлүү маселелерин чечүү боюнча тиешелүү суроолорго жооп беришти.
Жарандар негизинен коммуналдык, социалдык тармактарга байланыштуу, жер, турак жай, мыйзамсыз курулуштар жана башка көйгөйлөр боюнча кайрылышты.
Жеңишбек Токторбаев ар бир жарандын кайрылуусуна толук жооп берип, бир катар маселелер боюнча тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине тапшырмаларды койду.