ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Муниципалдык ипотекалык ишкана тарабынан дагы бир турак жайдын курулушу башталды

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан Краснофлотская көчөсүнүн №5-б дарегинде көп кабаттуу үйдүн курулушуна капсула салынды.
Капсула салуу аземине Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Малик Бектурганов, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Долбоорго ылайык, курула турган 9 кабаттуу турак үй 278 батирге ылайыкташкан. Үйдүн жер төлөсүндө унаа токтоочу жай болот. Ал эми короосуна балдар аянтчасы курулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, турак жай курулуп бүткөрүлүп, колдонууга берилгенден кийин 45 батир прокуратура кызматкерлерине кызматтык турак жай катары өткөрүлүп берилип, калган батирлер Ош шаарынын мэриясынын үлүштүк курулуш программасынын алкагында жарандарга тапшырылат.
Турак жай 2027-жылдын 3-кварталында пайдаланууга берилет.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео