ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Муниципалдык ипотекалык ишканасы жыл жыйынтыгын чыгарды

🔸 Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсуповдун 2024-жылдын жыйынтыктары боюнча шаардык муниципалдык ипотекалык ишкананысынын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү.

🔸 Жыйында Ош шаарынын муниципалдык ипотекалык ишкананын башчысы Утарбек Арстанкулов 2024-жылы аткарылган жумуштар жана 2025-жылга карата пландалган иштер боюнча маалымат берди.

🔸 Маалыматка караганда, ишкана тарабынан муниципалдык ипотекалык программа боюнча Достук кичи районундагы №83/25 көчөсүндөгү 90 батирлик жана Курманжан Датка №121 көчөсүндөгү 80 батирлик көп кабаттуу үй пайдаланууга берилген.

🏗 Учурда ишкана тарабынан жалпы 14 объектте, 3 муниципалдык ипотекалык жана 11 үлүштүк курулуш программасы боюнча көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. Жалпы 1052 батирге келишимдер түзүлдү.

🔸 2025-жылга карата муниципалдык ипотекалык жана үлүштүк ипотека шартында 5 көп кабаттуу үйдү пайдаланууга берүү пландалууда. Анын ичинен Көкүм-Бий жана Краснофлотская көчөлөрүндө курулуп жаткан 2 көп кабаттуу үй муниципалдык ипотекалык, Тилеке-Баатыр, Набережная жана Ашимахунов көчөлөрүндө салынып жаткан 3 көп кабаттуу үй үлүштүк программасы боюнча пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.

🔸 Андан сырткары 408 батирден турган Ош шаарынын Т.Турсунбаева көчөсүнүн №28 дарегинде курулуп жаткан турак-жай комплексин 2025-жылдын 4-кварталында колдонууга берүү боюнча иш алып барылууда.

🔸 Ошону менен бирге жарандардын төлөө мүмкүнчүлүгүн эске алып, үлүштүк шартта батирлер үчүн төлөө шарттарын жеңилдетүү, объекттерди каржылоону турукташтыруу максатында “Айыл Банк” ААКу менен биргеликте иш алып барылып, 2024-жылдын 22-августунда үлүштүк курулуш программасынын алкагында курулуп жаткан турак үйлөрдүн курулушун каржылоо тууралуу кызматташтык келишимине кол коюлган.

🏙 Жалпысынан үлүштүк программасы боюнча 2025-27-жылдары 3018 батирди пайдаланууга берүү пландаштырылууда.

🔸 Ишкананын ишмердүүлүгүн санариптештирүү максатында https://oshmip.kg/ санариптик порталы иштелип чыгып, колдонууга берилди. Портал “ТҮНДҮК” мекемелер аралык өз ара аракеттенүү тутумуна кошулуп, тиешелүү маалыматтарды мамлекеттик мекеме-ишканалардан алуу мүмкүнчүлүгү ишке ашырылган.

🔸 Ош шаарынын тургундары муниципалдык ипотекалык программанын алкагында батир алууга кезекке туруу үчүн мекеме-ишканалардан документ чогултуп убара болбостон порталдын жардамы менен суроо-талап жиберип, зарыл болгон маалыматтарды алганга толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Жарандарга смс-билдирүүлөр аркылуу кабар берүү, алардын маалыматтарын санариптик форматта сактоо мүмкүнчүлүгү дагы бар.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео