Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында 2022-2025-жылдарга карата Кыргыз Республикасында адам сатууга каршы күрөшүү программасын ишке ашыруунун алкагында Ош шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн коопсуз миграция, адам сатуунун алдын алуу жана бул коркунучтарга каршы туруу жаатында семинар-тренинг өтүүдө.
Окутууга Ош шаарынын мэриясынын, Эл аралык коргоосуна көмөктөшүү борборунун, укук коргоо органдарынын, миграция кызматынын, адистештирилген социалдык кызматтардын, шаардагы муниципалдык аймактык башкармалыктарынын өкүлдөрү катышууда.
Мында, адам сатууга каршы күрөшүү жаатындагы эл аралык жана улуттук мыйзамдар, эмгек миграциясына байланыштуу тобокелдиктер жана коркунучтарга, адам сатуу көйгөйү боюнча кырдаалга сереп жүргүзүлөт.