ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Некролог: Ош шаарындагы улуу ата мекендик согуштун жалгыз ардагери касымбай жолдошев мезгилсиз дүйнө салды

Улуу Ата Мекендик согуштун 2-топтогу майыбы Жолдошов Касымбай 1925-жылдын 25-июнунда Ноокат районунун Шанкол айылында туулган.

 

1943-жылдын 18-январында Ноокат райондук аскер комиссариаты тарабынан согуш майданына чакырылып, 154 аткычтар полкунда 2 жыл кызмат өтөп, 1950-жылдын май айына чейин 8 жыл Мекенге кызмат өтөгөн.

 

Анын ичинде 1945-жылдын 9-августунда Япондук самурайларга каршы согушта орудияга командир болуп дайындалып, 3-сентябрга чейин Япон согушуна катышкан. Андан кийин Кытайдын Манчжурия провинциясын бошотууда Харбин шаарына чейин согуштун аягына чейин катышкан.

 

Союзга кайткандан кийин беш жыл Нижний-Уденск шаарында кызмат өтөп, 1950-жылдын 10-апрелинде Советтик Армиянын катарынан бошотулуп, мекени Ноокат районуна кайткан.

 

Айылына кайткандан кийин согуш мезгилинде талкаланган чарбаны калыбына келтирүүгө зор салымын кошуп, колхоздо башкы учетчик, кассир, мал ферма башчысы, курулушта бригадир, мака-силос бригадири болуп 35 жыл кызмат кылган. 1952-1957-жылдары комсомол уюмун жетектеген. К.Жолдошовдун көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланып, жогорку жетишкендиктери үчүн Москвадагы айыл-чарба жетишкендиктеринин көргөмөсүнө жиберилип, “Урал” мотоцикли менен сыйланган. 1985-жылы 42 жылдык эмгек стажы менен бир “Москвич” автоунаасы берилип, ардактуу эс алууга узатылган. Согуштун, эмгектин ардагери.

 

Согуштагы эрдиктери үчүн III даражадагы «Великая Отечественная война” орденине, “Победа над Японией”, “За боевые заслуги” ж.б. медалдарга татыктуу болгон.

 

2004-жылдан бери Ош шаарында туруктуу жашап келет.

 

Бир уул, бир кызды тарбиялап, өстүрүп, 15 небере, 50 чебере, 1 кыбыранын сүйүктүү чоң ата, тай атасы болчу.

 

Ардагер бүгүн туулуп өскөн айылы Ноокат районунун Шаңкол айылында саат 14:00дө акыркы сапарга узатылат.

 

Ош шаарынын мэриясы маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

 

Жетигенов Б.И., Исаев М.А., Кадыров Н.С., Юсупов З.Б., Жунусбаев С.К., Кубатбек уулу А., Арзыкулов Ө.А., Имарова К.К., Атабаев Э., Закиров Н.А., Айдарбекова М.А., Сулайманкулов Ж.К., Асанов А.А., Кармышаков Э.Т., Исраилов М.К., Амалбеков У.С. жана башкалар.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео