ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош: аткаруу бийлигине эл көйгөйлөрүн айтты

Бүгүн, 7-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев баштаган аткаруу бийлигинин өкүлдөрү Ош шаарынын тургундары менен жолугушту.

Жыйында шаар тургундарына суроо берүү үчүн эркин микрофон берилди. Келген жарандар негизинен социалдык багыттагы көйгөйлөрдү, курулуш тармагына байланыштуу маселелерди, турак жай салуу үчүн жер участокторун бөлүп берүү, коммуналдык тармактарга байланышкан бир катар маселелерди көтөрүштү. Жеринде тармактык министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү тарабынан жооптор берилди.

Мындан сырткары жарандар тарабынан айтылган ооз эки жана кат жүзүндө айтылган көйгөйлөр, берилген суроолор протоколдук тапшырманын негизинде аткарууга алынып, жыйынтыгы боюнча маалымат бериле тургандыгы айтылды.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео