ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош: Президенттин катышуусунда В. Терешкова атындагы жатак-мектеби ачылды

🔹Бүгүн, 29-августта Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош шаарына келди.
🔹Мамлекет башчы Ош шаарындагы В. Терешкова атындагы жаңы жатак-мектебинин ачылыш аземине катышып, ошондой эле өлкөдөгү 100дөн ашык социалдык жана өнөр жай объекттеринин ачылышына онлайн режимде күбө болду.
🔹Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарага Орусиядан да делегация келди. Алардын арасында Мамдуманын депутаттары бар.
🔹Жатак-мектептин ачылышына мектепке ысымы берилген биринчи аял-космонавт Валентина Терешкова да онлайн катышып, куттуктоо сөзүн жолдоду.
🔹Бул билим берүү мекемеси 700 орундуу окуу корпусу, 500 орундуу жатакана, спорт залы, волейбол аянтчалары, актовый зал, санитардык блок, эс алуу багы жана заманбап шарттары менен курулду.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео