ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош: шаар мэринин эл менен жолугушуулары башталды

Бүгүн, 29-январь күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолукту.
Жыйынга ошондой эле Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, мекеме-ишканалардын жетекчилери да катышты.
Жыйындын башында шаар жетекчиси жергиликтүү тургундар менен таанышып, шаарды өнүктүрүү багытында быйылкы жылы аткарылуучу алгылыктуу иштер боюнча айтып берди.
Андан соң муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы 2024-жыл ичинде жасалган жумуштар, ийгиликтер менен бөлүштү.
Жыйындын жүрүшүндө жарандардан жол, жылуулук, мектепти оңдоп-түзөө, мыйзамсыз курулуш, күн панелдерди орнотуу, экология, жашылдандыруу, билим берүү, эмгек акы, коммуналдык маселелер туурасында суроолор берилип, шаар мэри тарабынан жооп берилди.
Ошондой эле, тийиштүү жетекчилерге жыйындан соң, жерине барып айрым көйгөйлөрдү көрүп келүүгө тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, шаар башчысынын эл менен болгон жолугушуусу жылына эки ирет өтүп келет. Бул иш-аракет шаар көйгөйүн жеринде чечип, зарыл жумуштарды ирети менен аткарууга өбөлгө түзөт.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео