ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаардык борбордук базары жылдырылат

Бүгүн 19-июлда, Ош шаарына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев келди.

Иш сапардын алкагында ал Ош шаарынын борбордук базарында болуп, соодагерлер менен жолугушуу өткөрүп, сел жана суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымдады.

Ошондой эле Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Ош шаарынын мэриясында жыйын өттү.

Жыйында Ош шаары жана Ош облусунда болгон селдин кесепеттерин тез арада жоюу боюнча, жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу үчүн Ош шаарынын борбордук базарын эки айлык мөөнөттө көчүрүү иштерин тездетүү боюнча тапшырмалар берилди.

Атап айтканда:

– Ак-Буура дарыясы аркылуу өткөн бардык мыйзамсыз көпүрөлөрдү алып салуу;

– Ак-Буура дарыясынын суу корук аймагында мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген бардык жетекчилердин жоопкерчилигин кароо;

– Селден жабыркаган (өлкө боюнча каза болгон) 25 жарандын үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон бөлүп берүү;

– Табигый кырсыктан турак-жайы бузулуп, кооптуу деп табылган жарандарга 1 миллион сомдон бөлүп берүү;

– Үйү капиталдык оңдоону талап кылган тургундарга – ар бирине 500 миң сомдон бөлүп берүү;

– Ош шаарынын борбордук базарында кырсыктан жапа чеккен соодагерлерге 100 миң сомдон бөлүп берүү.

Мындан сырткары айыл райондук администрация башчыларына (акимдерге) табигый кырсыктардын натыйжасында турак жайдын бузулушуна байланышкан жоготуулардын ордун толтуруу үчүн шарттарды түзүү максатында жарандарга турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео